Аймак

ӨЗБЕКСТАН ЭКИ АЙДА ТАЖИКСТАНГА 160 МИҢ ДОЛЛАРГА ГУМЖАРДАМ БЕРДИ

ӨЗБЕКСТАН ЭКИ АЙДА ТАЖИКСТАНГА 160 МИҢ ДОЛЛАРГА ГУМЖАРДАМ БЕРДИ

 1,387 Бардыгы /

Өзбекстан акыркы эки айда Тажикстанга ири өлчөмдө гуманитардык жардам берген дүйнөдөгү беш өлкөнүн катарына кирди. Бул тууралуу Азия-Плюс басылмасы кабарлады.

2018-жылдын январь-февраль айларында Өзбекстан Тажикстанга 160 миң доллар өлчөмүндө гуманитардык көмөк көрсөткөн.

Тажикстан президентинин алдындагы Статистика агенттигинин маалыматына караганда, гуманитардык жардам боюнча Өзбекстандын үлүшү 1,2% түздү.

Бул убакыт аралыгында Тажикстан жалпысынан 13 430 000 доллар жардам алган. Орусия – 18,2%, Кытай –3,6%, Индия –1,7% жана Бириккен Араб Эмираты – 1,6% көрсөткүч менен негизги донор өлкөлөр болуп калды.

Жалпысынан быйыл январь-февраль айларында Тажикстанга дүйнөдөгү 34 мамлекет гуманитардык жардам көрсөткөн.

Былтыркы жылдын ушул учуруна карата донорлордун саны бир өлкөгө азайган, жардамдын көлөмү 2,7 миллион долларга көбөйгөн.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17