Аймак

КАЗАКСТАНДА ГАЗГА УУЛАНГАН ОКУУЧУЛАРДЫН САНЫ 40ТАН АШТЫ

КАЗАКСТАНДА ГАЗГА УУЛАНГАН ОКУУЧУЛАРДЫН САНЫ 40ТАН АШТЫ

 1,562 Бардыгы /

Шымкент шаарынын № 54 орто мектебинде иске уулангандардын саны 45ке жетти. Анын ичинен 41и окуучу экени кабарланды. Бул тууралуу Турмахан Орынбаев атындагы облустук жогорку басымдагы кычкылтек менен эмдөө борборунун башкы дарыгери Мадина Ермаханбетова билдирди.

Дарыгердин айтымында, ооруканага түшкөндөрдүн баары учурда үйлөрүнө кайтты. Алар уулануунун жеңил түрүнө дуушар болушкан.

Бир күн мурун жергиликтүү бийлик 38 окуучу жана мектептин эки кызматкери белгисиз заттан ууланып, ооруканага жеткирилгенин маалымдаган. Мектептен мугалимдер, техникалык кызматкерлер жана 877 окуучу эвакуацияланган.

19-мартта Казакстандын башкы санитардык дарыгери Жандарбек Бекшин журналисттерге интервью берген. Ал “Балдардын башы жана ашказандары ооруган. Окуя туштөн кийин болгон. Ал кезде окуучулардын курсактары ач экени анык. Балдар тамактангандан кийин абалдары жакшырган”, деген.

Дарыгердин божомолунда, окуучулар жакын жерде жайгашкан көмөк чордондон чыккан газдан ууланган болушу мүмкүн. Объектидеги авариядык абалды шаардык газ кызматы жөнгө салган. Кийин экспертиза борборунун адистери кайрадан текшерүү жүргүзүп, көмөк чордондун, мектептин аймагынан уулу зат табышкан эмес.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17