Аймак

САКТАНСАН САКТАЛАСЫН

САКТАНСАН САКТАЛАСЫН

 1,809 Бардыгы /

Жыл башынан ушул күнгө чейин Сузак районунун аймагында 20 өрт кырсыгы катталып, андан келтирилген материалдык зыян 1миллион 923 миң 542 сомду түздү. Бул тууралуу Сузак райондук ӨКБнүн ӨӨжААБнүн башчысы майор А. Осмонов билдирди.

Анын ичинен 9 өрт турак-жай секторунда катталып, келтирилген зыян 647 миң 833 сомду түзүп, бул көрсөткүч жалпы өрт кырсыктарынын 68%ын түздү.

Негизинен турак-жайлардагы өрт кырсыктары электр жабдыктарын колдонууда, мештерди колдонууда эрежелерин бузулушунан улам келип чыгууда. Өрт кырсыктарын алдын алуу боюнча кызматкерлер тарабынан районубуздун аймагындагы баардык айыл аймактарында жана Көк-Жаңгак шаарында да турак жай секторлорунда түшүндүрүү иштерин жүргүзүп келүүдө.

Мисалга алсак :2019-жылдын 2-март күнү Сузак районуна караштуу Барпы айыл аймагынын Үлгү айылынын Исманова көчөсүнүн №103 үйүндө өрт кырсыгы катталып, турак үйдүн ички бир бөлмөсү өрттөнгөн. Өрттү өрт өчүрүү кызматкеринин ыкчам аракетинен башка бөлмөгө өткөрбөй сактап калган. Өрт кырсыгын келип чыгуу себеби электр зымдарын кыска чагылуусунан келип чыккан.

Урматтуу жарандар! Турак-жайларда катталуучу өрт кырсыктарын алдын алуу максатында күнүмдүк турмушта электр жабдыктарын, мештерди туура пайдаланып жана эскилиги жеткен электр зымдарын колдонбой өрт коопсуздук эрежелерин сактагыла.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17