Аймак

СОТ «СУПЕР-ИНФОНУН» ЖАКТООЧУЛАРЫНЫН АРЫЗЫН КАНААТТАНДЫРДЫ

СОТ «СУПЕР-ИНФОНУН» ЖАКТООЧУЛАРЫНЫН АРЫЗЫН КАНААТТАНДЫРДЫ

 1,683 Бардыгы /

Бишкектин Биринчи май райондук соту «Супер-Инфо» гезитинин жактоочуларынын арызын канааттандырып, Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызматтын (Финансы полициясы) аталган гезитти салыктык текшерүүдөн өткөрүү тууралуу токтомун жокко чыгарды.

Гезиттин жетекчиси Шаиста Шатманова райондук соттун чечими тууралуу «Азаттыкка» буларды билдирди:

«2019-жылдын 26-февралында Финполиция «Супер-Инфо 2016-жылдан ушуга чейинки убакыт боюнча салыктык текшерүүдөн өтсүн» деп токтом чыгарган. 27-февралда «2013-жылдан баштап бүгүнкү күнгө чейин текшерилсин» деп дагы бир токтом чыгарган. Биз ушул эки токтомдун аткарылышына каршы болуп, «жөнү жок текшерүү. Токтом жокко чыгарылсын» деп Биринчи май райондук сотуна кайрылганбыз. Райондук сот биздин арызды канааттандырды».

Буга чейин «Супер-Инфо» гезитинин жетекчиси Шаиста Шатманова Финполицияга сурак берип чыккан. Ал гезиттин нускасы тууралуу Насыкулов аттуу жарандын жаңылыш жазган арызынын негизинде чакырылганын айткан.

Финполиция 15-мартта «Супер-инфо» гезити курулай актанып жатканын билдирген. Мекеменин басма сөз кызматы «ЖМКны колдоо борборунун» башкы буюртмачысы «Компьютер пресс» ЖЧКсы («Супер-инфо» гезити) экени аныкталды, дал ушул гезит менен нуска боюнча айырмачылыктар бар экен» деп маалымат тараткан. Гезит бул маалымат эски экенин билдирүүдө.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17