Аймак

ЯКУТИЯДАГЫ МИГРАНТТАР ЖАПЫРТ ТЕКШЕРИЛЕТ

ЯКУТИЯДАГЫ МИГРАНТТАР ЖАПЫРТ ТЕКШЕРИЛЕТ

 1,359 Бардыгы /

Якутиянын ички иштер министри Владимир Прокопенко кыргыз бийлигинин өкүлдөрү менен жолугушуу маалында республикада жүргөн мигранттар жапырт текшериле турганын билдирди.

Анын айтымында, миграциялык мыйзамдардын негизинде жүргүнчүлөрдү ташыгандар жана мыйзамсыз ишкердик жүргүзгөндөр текшерилет.

Министрдин билдирүүсү Якутияда кыргызстандык жаран зордуктоого шектүү катары кармалгандан кийин жасалды. 18-мартта анда мыйзамсыз мигранттарга каршы митинг өтүп, ага Якутиянын башчысы Айсен Николев менен Якутск шаарынын мэри Сардана Авксентьева катышкан. Анда аткаминерлер республикага келген мигранттарга карата көзөмөл күчөтүлө турганын убадалаган. ​

Якутск шаарындагы бул митингдерди Орусияда иштеген мигранттардын кесиптик кошуунунун башчысы Ренат Каримов айыптады.

«Адам өлтүргүчтөр орустардын, украиндердин, буряттардын, ошондой эле татар, якут, кыргыз жана башка улуттарда да бар. Эмнеге бир кылмыш мигранттардын бүтүндөй бир бөлүгүн же жалпы эле чет өлкөндөн келип иштегендерди жаманатты кылышы керек?», — деп билдирди ал Znak.com сайтына берген интервьюсунда.

  • «Сибирь.Реалии» басылмасы Якутсктагы нааразылык акцияларынан кийин мигранттардын дарегине коркутуулар айтыла баштаганынжазды. Анын маалыматына караганда, Якутскта иштеген автобус айдоочусуна жети киши кол салган.
  • Полиция жергиликтүү тургунду уурдоого жана зордуктоого шектелген үч адамды кармады. Алардын бирөөсү зордуктоо айыбын мойнуна алганы кабарланууда. Калган эки киши адам уурдоого катышкан деп айыпталып жатат.
  • 19-мартта Якутскта 80ден ашык автобускаттамга чыккан жок. Ага чейин социалдык түйүндөргө антимиграциялык акциялар тартылган видеолор жарыяланган. Якутстун мэри шаарда такси кызматтары, тамактануу жана соода жайлары плансыз текшериле турганын билдирген. Анда иштеген мигранттардын каттоо баракчалары жана уруксат берүү кагаздары текшерилет.
  • Мигранттарга каршы нааразылык акцияларынан кийин Кыргызстандын бийлик өкүлдөрүЯкутияга барышкан.Кыргыз делегациясынын курамына өкмөттүн алдындагы Миграция кызматынын төрага орун басары Самат Токтоболотов, Кыргызстандын Орусиядагы элчисинин кеңешчиси Дастан Ниязалиев жана Орусиядагы кыргыз диаспорасынын лидери Жазбек Бекболиев кирген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17