Аймак

704-АСКЕРДИК БӨЛҮКТӨ 6 ЖАШ БАЛАНЫН ТУШООСУ КЕСИЛДИ

704-АСКЕРДИК БӨЛҮКТӨ 6 ЖАШ БАЛАНЫН ТУШООСУ КЕСИЛДИ

 2,032 Бардыгы /

Бүгүн 20-март Жалал-Абаддагы 704-аскердик бөлүгүндө 21-март – Нооруз майрамына карата салтанаттуу иш-чара уюштурулду. Иш-чаранын жүрүшүндө сүмөлөк кайнатылып, кыргыздын улуттук оюндары ойнотулду.

“Жаз мезгили келиши менен аскердик бөлүктүн өздүк курамы жана алардын үй-бүлөлөрү менен биргеликте Нооруз майрамын белгилеп жатабыз. Негизинен бул иш-чарабыз үй-бүлө менен байланышты бекемдөө максатын да көздөйт.

Жакшы ниет менен сүмөлөк кайнатып, ак дасторкон жайдык. Мындан сырткары кыргыздын салттарын, улуттук оюндарын уюштурдук. Аскердик бөлүктө эмгектенген жигиттерибиздин жаш балдарынын тушоосун кестирдик. Элибиздин керегине жараган чыгаан уул-кыздарынан болсун деген жакшы ниет менен 6 жаш баланын тушоосу кесилди,” – дейт Муратали Тиллабердиев – майор, 704-аскердик бөлүгүнүн штаб башчысы.

Аскердик бөлүктө мындай салтанаттуу иш-чаранын өтүп жатканына ал жерде кызмат өтөгөн жана иштегендердин жакындары да ыраазы.

“Бүгүн ушул аскердик бөлүктө Нооруз майрамы салтанаттуу белгиленип жатат. Мында кыргыздын улуттук тушоо кесүү салты да өтүүдө. Бүгүн менин да неберем Амирдин тушоосу кесилди. Өзүбүз Аксы районунан болобуз. Жакшы саамалыкка шериктеш бололу деп келип олтурабыз. Күйөө балам ушул аскердик бөлүктө иштегендиктен неберем да ушул баламдай элге кызмат кылган чыгаан уулдардан болсун деп жакшы ниет менен тушоо тоюн өткөрүүдөбүз” – дейт, Жамалкан Акишова    Аксы районунун тургуну.

Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17