Аймак

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ КАЗАК ЭЛЧИСИН КАБЫЛ АЛДЫ

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ КАЗАК ЭЛЧИСИН КАБЫЛ АЛДЫ

 1,589 Бардыгы /

 

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Казакстандын Кыргызстандагы  Элчиси Карим Кокрекбаевди кабыл алды.

Жолугушуу маалында тараптар ушул жылы жогорку жана бийик деңгээлдерде, анын ичинде, эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволору тарабынан боло турган эки тараптуу сапарларды жана жолугушууларды уюштуруу маселелерин кызуу талкуулашты. Боло турган көп тараптуу эл аралык иш-чаралар жана форумдар боюнча дагы пикир алмашышты.

Суу жана энергетика чөйрөсүндө кызматташуу, Кыргыз-Казак мамлекеттик чек арасындагы кээ бир өткөрмө бекеттеринин ишин мындан ары жакшыртуу, ошондой эле Кыргызстандын ветеринардык тутумунун эквиваленттүүлүгүн таануу маселелерине дагы өзүнчө көңүл бурулду.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17