Аймак

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ ЖАПОНИЯНЫН JICA УЮМУНУН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨКҮЛҮ МЕНЕН КЕЗДЕШТИ

КЫРГЫЗ МИНИСТРИ ЖАПОНИЯНЫН JICA УЮМУНУН КЫРГЫЗСТАНДАГЫ ӨКҮЛҮ МЕНЕН КЕЗДЕШТИ

 1,868 Бардыгы /

 

БИШКЕК.Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Жапониянын Эл аралык кызматташтык боюнча агенттигинин  (JICA) Кыргыз Республикасындагы  Туруктуу өкүлү Казухико Кикучини, анын вазийпасынын аяктагандыгына байланыштуу кабыл алды. Ошондой эле бул жолугушууга агенттигинин  (JICA) Кыргыз Республикасындагы  Туруктуу жаңы өкүлү Наоюки Нэмото дагы катышты.

Тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков Жапония Өкмөтүнүн ар дайым даректүү жана жогорку натыйжалуу болгон жардамын Кыргыз тарабы жогору баалай тургандыгын белгиледи. Ошондуктан, өлкөгө жардамдашууда эң негизги ролду ойногон JICAга ыраазычылыгын гана билдирди.

JICAнын Кыргызстандагы абдан ийгиликтүү долбоорлорунун бири «Бир айыл бир продукт» долбоору болуп саналат. Ал Кыргыз Республикасынын аймактарын өнүктүрүүдө өзгөчө мааниге ээ. Ошондой эле JDS программасы боюнча 2007-жылдан тартып Жапония тарабы жыл сайын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлерин Жапониянын жогорку окуу жайларында окутууга дагы көмөктөшөт.

Жолугушууда Кыргызстандын борборунда жана аймактарында баалуу билим жана маанилүү тажрыйба берүү аркылуу балдарды, ошондой эле жергиликтүү коомчулуктарды өнүктүрүгө олуттуу салым кошуп жаткан Жапония волонтерлорунун ишмердүүлүгү дагы жогорку баага арзыды.

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17