Аймак

КЫРГЫЗ ПРЕЗИДЕНТИ КАЗАКСТАНДЫН ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТИН КУТТУКТАДЫ

КЫРГЫЗ ПРЕЗИДЕНТИ КАЗАКСТАНДЫН ЖАҢЫ ПРЕЗИДЕНТИН КУТТУКТАДЫ

 1,821 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргызстандын Президенти Сооронбай Жээнбеков Касым-Жомарт Токаевди Казакстанстандын Президентинин кызматына киришкендиги менен куттуктады.

 – Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк, достук, союздаштык жана ынак коңшулук мамилелер биздин биргелешкен күч-аракеттерибиз менен элдерибиздин байгерчилиги жана өнүгүүсү үчүн мындан ары дагы бекемделе берет деп терең ишенем. Учурдан пайдаланып, урматтуу Касым-Жомарт Кемелевич, Сизге бекем ден соолук, бакубатчылык жана Сиздин мамлекеттик ишмердүүлүгүңүзгө ийгиликтерди, ал эми боордош Казакстан элине тынчтыкты жана гүлдөп-өнүгүүнү гана каалаймын!– деп айтылат Президент Сооронбай Жээнековдун куттуктоосунда.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17