Аймак

АКСЫДА НООРУЗ МАЙРАМЫ-ЭЛ ЖУРТУМ БҮГҮН ЖАЙДАРЫ

АКСЫДА НООРУЗ МАЙРАМЫ-ЭЛ ЖУРТУМ БҮГҮН ЖАЙДАРЫ

 3,409 Бардыгы /

Областыбыздын элинин катарында аксылыктар да бүгүн нооруз майрамын өзгөчө шаң менен белгилешти. Ыр күүлөрдү жаңыртышты. Кененирээк аймактык кабарчыбыз баяндайт.

Нооруз майрамына райондун борбору Кербен шаарындагы мекеме-ишканалардын эмгек жамааттары чыгып, улуттук тамак аштардын көргөзмөсү менен башташты. Шаардын карыялары даамдардан ооз тийишип ак баталарын берип жатышты. Жаштар карыяларга ыраазы.

Өткөн жыл ийгиликтери менен эсте калды. Райондо 4 орто мектептин имараты, 3 балдар бакчасы, 4 ФАП жаңыдан курулуп пайдаланууга берилсе, кылымдын курулушу болгон Ак-Терек каналынын курулушу жүрүп жатат.

Аксы райондук маданият үйүнүн таланттары ыр күүлөрдү жаңыртышып, майрамды шаңына чыгарышты. Кичинекей бөбөктөр умай эне менен бирге алас алас айтып, эл журтка тынчылык каалашты.Окуу жайлар, мектептер да ноорузга жакшы даярдыктар менен келишти.

Элде ынтымак, жерде береке болсо деген ак тилекти коштогон майрам шаңы улана бермекчи.

Аксыдан Топчубек Ашыралы уулу, Абдымомун Калбаев. Ала-Бука району.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17