Аймак

ТРАМП: АКШ ГОЛАН ДӨҢСӨӨЛӨЛӨРҮ ИЗРАИЛГЕ ТААНДЫК ЭКЕНИН МОЮНГА АЛЫШЫ КЕРЕК

ТРАМП: АКШ ГОЛАН ДӨҢСӨӨЛӨЛӨРҮ ИЗРАИЛГЕ ТААНДЫК ЭКЕНИН МОЮНГА АЛЫШЫ КЕРЕК

 1,524 Бардыгы /

AКШ президенти Дональд Трамптын айтымында, Кошмо Штаттар Голан дөңсөөлөрү Израилге таандык экенин моюнга алышы керек. Бул тууралуу ал Твиттерде маалымдады.

“52 жылдан кийин АКШга Голан дөңсөөлөрү Израилге тиешелүү экенин моюнга алууга убакыт жетти. Дөңсөөлөрдүн Израиль мамлекетинин коопсуздугу менен аймактагы туруктуулук үчүн стартегиялык мааниси чоң”, – деди Трамп.

Израиль премьер-министри Биньямин Нетаньяху бул сунуш үчүн Дональд Трампка ыраазычылык билдирип, Иранды Сириянын жардамы менен өз элин жок кылууга аракет жасоодо деп айыптады.

Голан дөңсөөлөрү– Израиль менен Сириянын ортосундагы аймак, 1967-жылы алты күндүк согуш аяктагандан кийин Израилдин көзөмөлүнө өткөн. Сирия менен дүйнөдөгү көпчүлүк өлкөлөр Голан дөңсөөлөрүн Израилге тиешелүү деп эсептешпейт. Сирия Голан тоолорун бир нече жолу аткылаган, Израиль ага жооп кайтарган. Акыркы жолу бул сыяктуу көрүнүш 2019-жылдын январь айында болгон.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17