Аймак

BLOOMBERG: КРЕМЛЬ ПУТИН ПРЕЗИДЕНТТИКТЕН КЕТКЕНДЕН КИЙИН АНЫ БИЙЛИКТЕ КАЛТЫРУУНУ КӨЗДӨЙТ

BLOOMBERG: КРЕМЛЬ ПУТИН ПРЕЗИДЕНТТИКТЕН КЕТКЕНДЕН КИЙИН АНЫ БИЙЛИКТЕ КАЛТЫРУУНУ КӨЗДӨЙТ

 1,433 Бардыгы /

Орусия президентинин администрациясы Владимир Путинди бийликте болушунча узак мөөнөткө калтыруунун жолдорун караштырып жатат. Бул тууралуу Bloomberg Кремль менен жакындыгы бар өз булагына шилтеме берүү менен билдирди.

Агенттиктин өз булагынын маалымдашынча, Беларус менен биригүү аркылуу жаңы мамлекет түзүү ыктымалдуулугу каралууда. Жаңы мамлекетти Путин башкарышы мүмкүн. Мындай жол менен ал президенттик мөөнөтүнө байланыштуу чектөөлөрдү айланып өтүүгө мүмкүнчүлүк алат.

Беларус менен Орусиянын биригиши тууралуу айың кептерди орусиялык басылмалар менен телеграм-каналдар былтыр күздөн тарта жайылта башташкан. Беларус президенти Александр Лукашенко өткөн жылы республиканын эгемендүүлүктөн ажырап калуу коркунучу тууралуу бир нече жолу эскерткен. Бирок ал Орусиянын өлкөнү кошуп алууга ниети жок экенин маалымдаган.

Президент администрациясынын мурдагы кызматкери Андрей Колядин Bloomberg менен болгон маекте Кремль Казакстан тандаган жолду да караштырганын айткан. Жума башында Президент Нурсултан Назарбаев бийликте 30 жыл тургандан кийин кызматын тапшырып берген. Ошол эле маалда ал Казакстан Коопсуздук кеңешинин, башкаруучу партиянын башчысы жана Конституциялык кеңештин мүчөсү болуп калган.

Былтыр мартта Путин Орусиядагы президенттик шайлоодо жеңишке жеткен. Ага шайлоочулардын 77 пайызы добуш берген. Путиндин президенттик мөөнөтү 2024-жылы аяктайт. Bloomberg агенттигинин өз булагы Путин президенттин негизги ыйгарым укуктарын Коопсуздук кеңешине же азыр өзү башкарып жаткан Мамлекеттик кеңешке өткөрүп бериши ыктымал экенин айтты. Орусия президенти кызматтан кеткенден кийин бул куралдары менен өлкөнү башкаруу мүмкүнчүлүгүн сактап калат.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песковдун айтымында, Bloomberg жазган маалыматтар менен президенттин акимчилиги талкуулаган маселелердин бири-бирине эч кандай байланышы жок. Путиндин өкүлү агенттиктин материалын “эркин чыгармага” теңеди.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17