Аймак

«АТАМБАЕВСИЗ КСДП» ЖЫЙЫНЫ ЖАЛАЛ-АБАДДА

«АТАМБАЕВСИЗ КСДП» ЖЫЙЫНЫ ЖАЛАЛ-АБАДДА

 1,633 Бардыгы /

Айрым мекеме-ишканалардын кызматкерлери катышты, жыйын башталбай жатып чыгып кеткендер болду. Кечээ 24 март күнү Барпы театрында “Атамбаевсиз КСДП” кыймылынын жыйыны болду.

Сузак районунун жана Жалал-Абад шаарынын 500 гө чукул тургундары катышты. Кызыгы башында жык-жыйма толгон залда жыйын башталар замат айрымдар адашып келип калгандай чыгып кетишти. Уюштуруучулар негизги максат Атамбаевди партия төрагалыгынан кетирүү жана саясий кеңештин курамын тазалоо экендигин билдирип, максат ишке ашкандан кийин кыймыл жоюларын айтышты.

Жыйында жалаң гана экс-президент Алмазбек Атамбаевдин президенттик учурундагы кыңыр иштери жана акыйкатсыздыгы тууралуу айтылып жатты.

Эске сала кетсек, аталган жыйын буга чейин Чүй, Ысык-Көл жана Талас областтарында өткөрүлгөн. Ал эми “Атамбаевсиз КСДП” кыймылы 2017-жылы, тактап айтканда А.Атамбаев партияга лидер катары келгенден баштап түзүлгөн. Коомчулукта кыймылды учурдагы бийлик колдоору тууралуу да айтылып келет.

Роза АКМАТЖАН кызы, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17