Аймак

РУМЫНИЯ ТЕЛЬ-АВИВДЕГИ ЭЛЧИЛИГИН ИЕРУСАЛИМГЕ КӨЧҮРҮҮГӨ НИЕТТЕНҮҮДӨ

РУМЫНИЯ ТЕЛЬ-АВИВДЕГИ ЭЛЧИЛИГИН ИЕРУСАЛИМГЕ КӨЧҮРҮҮГӨ НИЕТТЕНҮҮДӨ

 1,227 Бардыгы /

Румыния Израилдеги элчилигин Тель-Авивден Иерусалимге көчүрүүгө ниеттенүүдө. Бул тууралуу Румыниянын премьер-министри Виорика Дэнчилэ Коомдук байланыш боюнча америка-израиль комитетинин (AIPAC) конференциясында билдирди.

Румын өкмөт башчысы Румыния Европа Биримдигинде төрагалык кылып жаткан учурда Израиль жана Евробиримдик менен өз ара мамилени бекемдөөгө аракет жасай турганын айтты.

Коомдук байланыш боюнча америка-израиль комитети – АКШ менен Израилдин кызматташтыгын бекемдөөгө салым кошкон таасирдүү өкмөттүк эмес уюм. Комитеттин жыл сайын өтүүчү конференциясына жогорку кызматтагы эл аралык саясатчылар катышат. 24-26-мартка белгиленген AIPAC бирикмесинин бул жолку иш-чарасы Вашингтондо өтүүдө.

2017-жылы декабрда АКШ президенти Дональд Трамп Иерусалимди Израилдин борбору катары тааныган жана ал жакка элчилигин көчүрөрүн жарыялаган. Дипломатиялык өкүлчүлүктүн расмий ачылышы 2018-жылы май айында болгон.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17