Аймак

ОРУСИЯЛЫК АСКЕРЛЕР КЕҢЕШ БЕРҮҮ ҮЧҮН ВЕНЕСУЭЛАГА КЕЛГЕНИ КАБАРЛАНУУДА

ОРУСИЯЛЫК АСКЕРЛЕР КЕҢЕШ БЕРҮҮ ҮЧҮН ВЕНЕСУЭЛАГА КЕЛГЕНИ КАБАРЛАНУУДА

 1,684 Бардыгы /

Венесуэлага аскердик-техникалык жактан кеңеш берүү үчүн орусиялык аскерлер тобу эки учак менен келди. Бул тууралуу РИА Новости өз булагына таянуу менен билдирди. Маалыматтарга караганда, Орусия менен Венесуэланын ортосунда бир нече жыл мурун түзүлгөн келишимдер бар.

Бул маалыматты Associated Press агенттигине атын атагысы келбеген венесуэлалык аткаминер тастыктады. Ал орусиялык аскерлер жабдууларды техникалык жактан тейлөө, машыгуу жана стратегия маселелерин талкуулоо үчүн келишкенин айтты.

Күн мурун интернетте Венесуэланын борбору Каракаска Орусия Коргоо министрлигинин Ил-62 жана Ан-124 учактары келген учур тартылган сүрөт жана видео тараган.

Жергиликтүү Noticiera Digital басылмасы кабарлагандай, Венесуэлага Орусия армиясынын Кургактагы күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы, генерал Василий Тонкошкуров баштаган 99 аскер келген болушу мүмкүн.

Авиатрекерлерден алынан маалыматтарга караганда, учактар Каракаска Сириядан келишкен.

Ан-124 менен Ил-62 учактары буга чейин дагы Венесуэлада байкалган. Бирок алар кимдерди алып келгени белгисиз. Оппозиционер Хуан Гуайдо өзүн убактылуу президент катары жарыялагандан кийин Reuters агенттиги өлкөнүн президенти Николас Мадурону коргоо үчүн Орусиядан “ЧВК Вагнера” жеке аскердик тобунун жоокерлери келгенин жазган. Бирок бул маалыматты тастыктоого мүмкүн болгон эмес.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17