Аймак

СОТ ПАРА АЛУУГА АЙЫПТАЛГАН БРАЗИЛИЯНЫН МУРДАГЫ ПРЕЗИДЕНТИН КАМАКТАН БОШОТТУ

СОТ ПАРА АЛУУГА АЙЫПТАЛГАН БРАЗИЛИЯНЫН МУРДАГЫ ПРЕЗИДЕНТИН КАМАКТАН БОШОТТУ

 1,558 Бардыгы /

Бразилиянын апелляциялык соту өлкөнүн мурдагы президенти Мишель Темерди камактан бошотту. Ал атомдук электр станциясын курууда мамлекеттик келишимдерди түзүү үчүн 500 миң долларга жакын пара алган деп айыпталууда. Бул тууралуу Globo басылмасы кабарлады.

Сот 78 жаштагы мурдагы президент коом үчүн коркунуч жаратпайт деп тапты.

Бразилияны 2016-жылдан 2018-жылдын аягына чейин башкармаган Темер 21-мартта камакка алынган. Учурда ага тагылган коррупция, арам акчаны адалдоо жана кылмыштуу топ түзүү айыптары боюнча бир нече иш иликтенүүдө. Өз Темер бул айыптоолорду четке кагып келет.

Буга чейин АЭС куруудагы коррупция иши боюнча өлкөнүн мурдагы президенттеринин бири Лула да Силва 12 жылга соттолгон.

Бразилиянын Темерге чейин башкарган президенти Дилма Русеф дагы коррупцияга айыпталган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17