Аймак

ДАРИГА НАЗАРБАЕВА СПИКЕР КАТАРЫ АЛГАЧКЫ ЖОЛУ СЕНАТТЫН ЖЫЙЫНЫН ӨТКӨРДҮ

ДАРИГА НАЗАРБАЕВА СПИКЕР КАТАРЫ АЛГАЧКЫ ЖОЛУ СЕНАТТЫН ЖЫЙЫНЫН ӨТКӨРДҮ

 1,183 Бардыгы /

Казакстан сенатынын жаңы төрайымы Дарига Назарбаева 26-мартта алгачкы жыйынын өткөрдү. Анда мажилистен келген мыйзам долбоорлору, анын ичинде 2019-2021-жылкы республикалык бюджеттерге өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу сунуштар комитеттер ортосунда бөлүштүрүлдү.

Сенаттын сайтындагы расмий билдирүүгө ылайык, Назарбаева жыйында 4-апрелде карала турган «республикалык бюджетке өзгөртүүлөрдү киргизүү маселесине өзгөчө көңүл бурду».

Казакстандын экс-президенти Нурсултан Назарбаевдин кызы Дарига Назарбаева жогорку палатанын төрайымы кызматына 20-мартта дайындалган. Анын талапкерлигин убактылуу президент катары ант берген күнү Касым-Жомарт Токаев сунуштаган. Эгер учурдагы мамлекет башчы кызматтан кетсе, президенттин ыйгарым укуктары Сенаттын башчысына өтөт.

Назарбаеванын талапкерлигин парламент депутаттары бир добуштан колдоп беришкен. Мындан тышкары алар Токаевдин 20-марттагы бир нече сунушун, анын ичинде Астананын аталышын Назарбаевдин урматына Нур-Султан деп өзгөртүү жана аны мамлекеттик сыйлыктар менен сыйлоо сунушун жактырышкан.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17