Аймак

ТҮРКМӨН БИЙЛИГИ ТАНДЫРЛАРДЫ КОЛДОНУУГА ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИП ЖАТАТ

ТҮРКМӨН БИЙЛИГИ ТАНДЫРЛАРДЫ КОЛДОНУУГА ЧЕКТӨӨ КИРГИЗИП ЖАТАТ

 1,464 Бардыгы /

Түркмөнстандын Дашөгүз облусунда тандырларды колдонууга чектөөлөр киргизилип, аларга туташтырылган газ түтүктөрү жапырт кесилип жатат. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

«Газ эсептегичтери орнотулгандан кийин тандырларга туташтырылган газ түтүктөрүн кесе башташты. Акыркы кездери бул массалык көрүнүшкө айланды», — деп жазды басылма.

Былтыр күзүндө өлкөдө калкка газ, суу жана электр энергиясын бекер берүү токтоп, үйлөргө эсептегичтер орнотула баштаган.

Маалыматка караганда, Дашөгүздүн бийлиги тандырлар турак-үйлөрдөн 15 метр алыстыкта курулушу керектигин айтып, бул талапты коопсуздук техникасынын эрежелери менен түшүндүрүүдө. Мындан тышкары тургундардан тандырлардын айланасын тосуп, темирден бастырма куруу талап кылынууда.

​Жергиликтүү тургундардын айтымында, акыркы кездери аймакта отундун баасы кыйла жогорулаган. «Бир нече жыл мурда бир трактор отун 100-150 манат болсо, азыр 240-250 манаттан сатылууда (Түркмөнстан Улуттук банкынын курсу боюнча 3,6 манат 1 АКШ долларына барабар)», — деп билдирди тургундардын бири.

Түркмөнстанда бир жылдан ашык убакыттан бери нан жана ун тартыш болууда. Былтыр өлкө боюнча баалар өсүп, жарандардын нан сатып алуусуна чектөөлөр киргизилген.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17