Аймак

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ АЛГАЧКЫ РАСМИЙ САПАРЫН ОРУСИЯГА ЖАСАЙТ

КАСЫМ-ЖОМАРТ ТОКАЕВ АЛГАЧКЫ РАСМИЙ САПАРЫН ОРУСИЯГА ЖАСАЙТ

 1,198 Бардыгы /

3-апрелде Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев расмий сапары менен Орусияга барат. Бул тууралуу Акордонун сайты кабарлады.

Маалыматка караганда, Токаев бул сапарынын алкагында Орусиянын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

«Эки лидердин жолугушуусунун күн тартибинде саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактар боюнча эки тараптуу кызматташуу маселелери, ошондой эле аймактык жана эл аралык актуалдуу темалар болот», — деп жазылган Акордонун билдирүүсүндө.

Сапардын жыйынтыгында эки тараптуу документтерге кол коюлат деп пландалууда.

www…

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17