Аймак

ӨЗБЕКСТАНДА 23 ЖАШТАГЫ ЖАРАН МИЛИЦИЯ ТАРАБЫНАН САБАЛГАНЫН БИЛДИРҮҮДӨ

ӨЗБЕКСТАНДА 23 ЖАШТАГЫ ЖАРАН МИЛИЦИЯ ТАРАБЫНАН САБАЛГАНЫН БИЛДИРҮҮДӨ

 1,132 Бардыгы /

Өзбекстандын Сурхандарья облусунун 23 жаштагы тургуну Акмаль Эсанов 27-февралда үч милиция кызматкери аны сабап, мурдун сындырышканын билдирүүдө.

Анын айтымында, ал атасын кемсинткен инспекторлорго карата нааразылыгын билдиргенден кийин сабалган.

«Атам 2003-жылы өз акчасына трансформатор алып орноткон. Кийин ага мааледеги башка тургундар дагы кошулган. Азыр бизге акча керек болуп, аны саталы дегенбиз. Адамдар нааразылык билдирип, прокуратурага кайрылышкан. Кийин прокуратурада жыйын өтүп, атам имараттын ичине кирип кеткен. Ошол маалда сыртта турган милиция кызматкерлери атама карата жаман сөздөрдү айтып, аны кемсинте башташты. Мен аларга нааразылыгымды айтсам, сабап салышты», — деди Эсанов.

Сабалгандан кийин ал райондук ооруканага кайрылып, анда дарыгерлер анын мурду сынганын айтышкан.

Бирок Эсанов тарабынан айыпталып жаткан милиция кызматкерлери анын айткандарын четке кагууда. Алардын айтымында, Эсанов атайылап эле өзүнө зыян келтирген, андан соң милиция кызматкерлери аны айылдык ооруканага алып барышкан.

Өз кезегинде Акмаль Эсанов бул окуя боюнча райондук милиция бөлүмүнө жана прокуратурага арыз менен кайрылганын, бирок алар өз кызматкерлерине карата эч кандай чара көрбөй тургандыктарын айтышкан.

 

www…

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17