Аймак

БАТКЕНДЕ КЫРГЫЗСТАН ЭЛДЕР АССАМБЛЕЯСЫНЫН 25 ЖЫЛДЫГЫ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ

БАТКЕНДЕ КЫРГЫЗСТАН ЭЛДЕР АССАМБЛЕЯСЫНЫН 25 ЖЫЛДЫГЫ САЛТАНАТТУУ БЕЛГИЛЕНДИ

 1,633 Бардыгы /

БАТКЕН. Кыргызстан Элдер Ассамблеянын 25 жылдыгына арналган конференцияга Баткен облусунун байырлашкан кыргыз, өзбек, тажик,орус жана башка бир катар улуттардын диаспоралары катышып, улуттар аралык ынтымак, биримдикке багытталган докладдар окулуп, ар улуттун ыр-бийлери дагы байма-бай жаңырды.

–        Баткен облусунда бир өңчөй өзбек, тажик улутундагы  элдер жашаган дээрлик айылдар, а түгүл айыл өкмөттөрү аймактар бар. Алар да аймагыбыздын өнүгүүсүнө олуттуу салымдарын кошуп келатышат. Албетте алар – биздин жараныбыз! Улуту башка болгону менен,  биздин мекенибиз бир! Туулган жерибиз дагы бир. Биз аймагыбызда жашаган ар бир улуттун эне тилине, үрп-адатына, маданиятына, салт-санаасына урмат-сый менен мамиле жасайбыз. Облусубуздун ар тараптуу өсүп-өнүгүүсүндө биз дайыма биргебиз деп ишенимдүү гана айта алам!  деди Кыргыз Өкмөтүнүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова.

Белгилей кетчү жагдай: Баткен облусундагы улуттар аралык биримдикти чыңдоо жана ар улуттун улуттук баалуулуктарын даңазалоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Баткен областындагы ыйгарым укуктуу Өкүлчүлүгү 2014-жылдан 2019-жылдар аралыгында  17 иш-чара өткөрдү. Булардын арасынан экөө республикалык, тогузу облустук, а калганы райондук-шаардык деңгээлде белгиленди.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчыбыз

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17