Аймак

АКОРДО ЖАРЫЯЛАГАН ӨМҮР БАЯНДА ТОКАЕВДИН АЖЫРАШКАНЫ АЙТЫЛАТ

АКОРДО ЖАРЫЯЛАГАН ӨМҮР БАЯНДА ТОКАЕВДИН АЖЫРАШКАНЫ АЙТЫЛАТ

 1,593 Бардыгы /

Казакстан президентинин администрациясынын сайтында өткөн аптада президенттик кызматка киришкен Касым-Жомарт Токаевдин өмүр баяны жарыяланды.

14 абзацтан турган текстте Токаевдин карьерасы жана үй-бүлөсү тууралуу маалыматтар бар. Сайтта Токаевдин ажырашканы айтылган.

Акордонун сайтында “Дени сак жашоо образын алып жүрөт. Көркөм чыгармаларды, саясий жана мемуардык багыттагы адабияттарды окуганды жактырат. Ажырашкан” деп жазылган. Токаевдин мурунку аялынын аты-жөнү жана аны менен качан ажырашканы тууралуу маалымат көрсөтүлгөн эмес.

Токаев кызматына киришкенде жергиликтүү басылмалардын көбү анын расмий өмүр баянына таянуу менен аялы жана баласы бар экенин билдиришкен.

Социалдык түйүндөрдө Токаевдин аялы орусиялык Надежда Давыдовна Токаева болушу мүмкүн экени айтылат.

65 жаштагы Токаев – Москвада билим алган, Казакстандын мурдагы өкмөт башчысы жана тышкы иштер министри.Казакстанды 30 жылга чукул башкарган Нурсултан Назарбаев отставкага кеткенден кийин, Токаев 20-мартта ант берип, кызматына киришкен.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17