Аймак

КЫТАЙ “РАДИКАЛДАШТЫРУУГА КАРШЫ ЧАРАЛАРЫН КОЛДОГОН” КАЗАКСТАНГА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИ

КЫТАЙ “РАДИКАЛДАШТЫРУУГА КАРШЫ ЧАРАЛАРЫН КОЛДОГОН” КАЗАКСТАНГА ЫРААЗЫЧЫЛЫК БИЛДИРДИ

 2,210 Бардыгы /

Кытай өкмөтүнүн башкы дипломаты Ван И Пекиндин Шинжаң аймагындагы “радикалдарга каршы күрөш” программасын колдогону үчүн Казакстанга ыраазчылык билдирип, башка өлкөлөрдү Кытайдан үлгү алууга чакырды.

Бул тууралуу 28-мартта Кытайдын тышкы иштер министри Ван И Пекинге расмий сапар менен барган Казакстан тышкы иштер министри Бейбут Атамкулов менен жолугушуу учурунда билдирди.

Кытай ТИМи тараткан билдирүүдө Ван И Пекиндин “Шинжаңжагы радикалдар менен күрөшүү программасын өтө натыйжалуу” деп атаган.

Ван бийлик кабыл алган чаралар жер-жерлерде коопсуздукту камсыздоого, аймактагы бейпилчиликти сактоого жардам бергенин белгилеген. Билдирүүдө “Казакстан өкмөтү Кытайдын позициясын түшүнүп, колдогонун баалайбыз, эч кимдин, эч бир күчтүн Кытай менен Казакстан ортосундагы достукка көлөкө түшүрүшүнө жол бербейбиз” деп айтылат.

Reuters Казакстан Пекиндин Шиңжаңда жүргүзгөн саясатына кийлигишпестен, Кытайда кармалган кош жарандуу эки миңдей казакты бошотуу боюнча сүйлөшүү жүргүзө алганын жазды.

Шинжаңда миңдеген адамдар «саясий тарбия берүүчү лагерлерде» кармалып жатканы тууралуу кабарлар 2016-жылдан тартып белгилүү боло баштаган.Куугунтукка кабылып жаткандар мындай жайларды «түрмө, концлагерь» деп атаса, Кытайдын бийлиги «жарандарды кесипке үйрөтүүчү кадыресе борборлор» катары сыпаттаган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17