Аймак

ТАЖИКСТАНДА ЖЕР ТИЛКЕЛЕРИН МЫЙЗАМСЫЗ САТКАН КЫЗМАТКЕР ТҮРМӨГӨ КЕСИЛДИ

ТАЖИКСТАНДА ЖЕР ТИЛКЕЛЕРИН МЫЙЗАМСЫЗ САТКАН КЫЗМАТКЕР ТҮРМӨГӨ КЕСИЛДИ

 1,650 Бардыгы /

Хожент шаарынын соту жер тилкелери боюнча мыйзамсыз келишимдерди түзүп, ири суммдагы акчага ээ болгон жер башкармалыгынын мурдагы адиси Хуршед Умматкуловду күнөөлүү деп тапты.

Ал ортомчусу Муин Мансуров менен бирге узак мөөнөткө эркинен ажыратылды.

Экөө тең алдамчылык, жалган документ жасоо, жер тилкелерин мыйзамсыз бөлүштүрүү боюнча күнөөлүү деп табылды. Алардын бири 12, экинчиси 13 жылга түрмөгө кесилди. Мындан тышкары соттун өкүмү менен Умматкулов мамлекетке 200 миң сомони төлөп берүүгө милдеттендирилди.

Хуршед Умматкулов мыйзамсыз жер бөлүштүрүү айыбы менен он жолу жоопкерчиликке тартылган. Бирок ал айыппул төлөп кутулуп кетип жүргөн.

Адвокат Назир Набиевдин айтымында, Хуршед Умматкулов жер тилкелерин мыйзамыз сатуудан түшкөн кирешелердин 70-80% башка чиновниктерге берип турган. Буга байланыштуу алданган жарандардын чыгымдарын төлөп бере албайт.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17