Өлкө аймактары менен кубаттуу
ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
- ticket title
- СЫНАК Орток токой чарбасы
- Соода-сатык (02.04.2024-ж.)
- Объявляет тендер на оказание услуг
- Аукцион АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК (27.02.2024-ж.)
- Аукцион БЕШИК-ЖОН АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Сынак АРСТАНБАП АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- СООДА-САТЫК
- Аукцион ДОСТУК АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- Соода-сатык
- Конкурс ЖАМУ
- КУЛАКТАНДЫРУУ Таш -Көмүр шаарынын мэриясынын алдындагы муниципалдык менчик департаменти
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- АУКЦИОН Кеңеш айыл аймагы
- АУКЦИОН Акман айыл өкмөтү
- АУКЦИОН Могол айыл аймагы
- Урматтуу окурмандар, Сиздер жарыя-жарнак бөлүмүнөн соода-сатык, сынак, аукцион, тендер тууралуу жарыяларды байма бай окуй аласыздар.
- АУКЦИОН С.АТАБЕКОВ АЙЫЛ ӨКМӨТҮ
- ЭСКЕРТҮҮ! Урматтуу Жалал-Абад шаарынын тургундары
1,424 Бардыгы / Казакстан борборунда «Настоящее Время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушковага карата административдик жараян башталды. Дүйшөмбү күнү эртең менен адистештирилген район аралык соттун алдына ондогон жарандык активисттер, укук коргоочулар жана борбор калаанын жашоочулары келишти. Глушкова жараян башталганга чейин кесиптештеринин суроолоруна жооп берип, ага тагылган айыптоолор ойдон чыгарылганын, полиция анын укугун бузганын билдирди. 22-мартта ал борбор калаадагы […]
1,425 Бардыгы / Казакстан борборунда «Настоящее Время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушковага карата административдик жараян башталды. Дүйшөмбү күнү эртең менен адистештирилген район аралык соттун алдына ондогон жарандык активисттер, укук коргоочулар жана борбор калаанын жашоочулары келишти. Глушкова жараян башталганга чейин кесиптештеринин суроолоруна жооп берип, ага тагылган айыптоолор ойдон чыгарылганын, полиция анын укугун бузганын билдирди. 22-мартта ал борбор калаадагы […]
НУР-СУЛТАНДА «НАСТОЯЩЕЕ ВРЕМЯНЫН» КАБАРЧЫСЫНЫН СОТУ БАШТАЛДЫ
01.04.2019 / Автор aymak1,426 Бардыгы /
Казакстан борборунда «Настоящее Время» телеканалынын кабарчысы Светлана Глушковага карата административдик жараян башталды.
Дүйшөмбү күнү эртең менен адистештирилген район аралык соттун алдына ондогон жарандык активисттер, укук коргоочулар жана борбор калаанын жашоочулары келишти.
Глушкова жараян башталганга чейин кесиптештеринин суроолоруна жооп берип, ага тагылган айыптоолор ойдон чыгарылганын, полиция анын укугун бузганын билдирди.
22-мартта ал борбор калаадагы «Шапагат» базарында кармоолорду чагылдырып жатканда, журналистти полиция кызматкерлери алып кеткен. Полиция бөлүмүндө аны беш саат кармашкан. Кийин протокол толтурбасан бошотушкан. 31-мартта Глушкова Алматыдан учуп келе жатканда кайра кармалган. Андан соң сотко чакыруу кагазын алган.
Полиция иш материалдарын кеч бергендиктен, сот жараяны белгиленген мөөнөттөн кеч башталган.
28-мартта «Чек арасыз кабарчылар» эл аралык уюму Казакстандын бийлигин журналисттерге карата басымды токтотууга чакырган. Кайрылууда «жергиликтүү бийлик журналисттердин өз милдетин аткарууга тоскоол болуп жаткан куугунтукту токтотушу керек» деп жазылган.
22-мартта Казакстандын Астана, Алматы, Шымкент шаарларында Нооруз майрамында акцияга чыккан бир нече кишини полиция кармап кеткен. Алар башкалааны Нур-Султан деп өзгөртүүгө жана бийликтин саясатына нааразылык билдирип чыгышкан.
1-апрелде Актау шаарында сот «Азаттыктын» казак кызматынын кабарчысы Сания Тойкендин доо арызын карайт. Жаңы-Өзөндөгү акцияны чагылдырууга барган «Азаттыктын» кабарчысы Сания Тойкен февралдан бери үч жолу кармалып, кое берилген. Акыркысында сот аны 50 миң 500 теңге айыпка жыккан.
“Эркин Европа/Азаттык” радиосу Казакстан бийлигинин журналисттерге карата мамилесин айыптады.
www.
Автор aymak
-
22.05.2023 / Автор anarkan_kg ЭНЕ ЫЙЫК, ЭНЕ КЫМБАТ БААРЫНАН
-
-
-
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ОИИБде 2024-ЖЫЛДЫН 1-ЧЕЙРЕГИНИН ЖЫЙЫНТЫГЫ ЧЫГАРЫЛДЫ
-
17.04.2024 / Автор anarkan_kg ПАРА АЛЫП ЖАТКАН КЫЗМАТКЕР КАРМАЛДЫ
-
-
-
04.05.2023 / Автор anarkan_kg КАМЧЫБЕК ТАШИЕВ ЖАЛАЛ-АБАД ОИИБге АВТОУНАА ТАПШЫРДЫ
Маек
Залкарбек КАРИМОВ: “ӨЗГӨН ШААРЫН КЕҢЕЙТҮҮГӨ ЖЕР ТАРТЫШ!”
Залкарбек КАРИМОВ акыркы жылдарда Ош облусунун Алай районундагы Будалык жана…
Биз жөнүндө
Байланыш дареги
Email: aymak.kg@mail.ru
Телефон: +996 (770) 81-00-32
Факс: +996 (3722) 2-32-36
Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17
You must be logged in to post a comment.