Аймак

САМАРКАНДДА 14 ЖАШТАГЫ ӨСПҮРҮМ ТАЯКЕЛЕРИНИН КОЛУНАН ӨЛДҮ

САМАРКАНДДА 14 ЖАШТАГЫ ӨСПҮРҮМ ТАЯКЕЛЕРИНИН КОЛУНАН ӨЛДҮ

 1,417 Бардыгы /

Самарканд облусунунда 14 жаштагы баланы таякелери таяк менен сабап, өлтүрүп коюшту.

Укук коргоо органдары өспүрүмдү өлтүрүүгө шектелген эки кишини кармады. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду, тергөө жүрүүдө.

Маалыматтарга караганда, алар эжесиникине конокко келип, жээнин тарбиялоо үчүн сабап коюшкан. Бала алган жаракаттарынын улам окуя болгон жерде көз жумган.

Ушул сыяктуу окуя 2017-жылы июнда Хорезм облусунда да катталган.

“Азаттыктын” өзбек кызматынын билдиришинче, 20 жаштагы уландын атасы Орусияга иштөөгө кеткен. Апасы уулу тил укпай калганын айтып, туугандарына кайрылган. Алар баланын колун аркан менен байлап, мамыга асып коюшкан. Жыйынтыгында ал дем ала албай, өлүп калган.

Кийинчерээк Өзбекстандын Башкы прокуратурасы жээнин өлтүргөн кишилер кылмыш жоопкерчилигине тартылганын маалымдаган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17