Аймак

ТАЖИК ЭЛЧИСИ: ГЕРМАНИЯ ТАЖИКСТАНДЫКТАРДЫН КАРМАЛЫШЫНЫН СЕБЕПТЕРИН ТҮШҮНДҮРҮП БЕРИШИ КЕРЕК

ТАЖИК ЭЛЧИСИ: ГЕРМАНИЯ ТАЖИКСТАНДЫКТАРДЫН КАРМАЛЫШЫНЫН СЕБЕПТЕРИН ТҮШҮНДҮРҮП БЕРИШИ КЕРЕК

 1,261 Бардыгы /

Тажикстандын Берлиндеги элчилиги Германиянын күч түзүмдөрүнө кайрылып, өлкөдө тогуз тажик жаранынын кармалышынын себептерин түшүндүрүп берүүнү талап кылды. Бул тууралуу Тажикстандын аталган өлкөдөгү элчиси Сохибназар Гайратшо билдирди.

29-мартта немис полициясы теракт даярдоо шеги менен 11 кишини кармаган. Алардын арасында Тажикстандын тогуз жараны болгон.

«Германиянын бийлиги мекендештерибиздин кармалгандыгы тууралуу бизге маалымат бериши керек болчу. Бирок андай болгон жок. Биз тажикстандыктар кармалган Дюссельдорф шаарынын бийлигине талаптар жазылган расмий кайрылуу жөнөттүк. Ушул күнгө чейин бул иш боюнча маалыматтарды басылмалар аркылуу гана алып келдик. Кармалган тажик жарандары бүгүн кое берилди. Бирок бул боюнча тергөө уланат. Тинтүү маалында алардан жардыруучу заттар, курал-жарак табылган эмес», — деди Сохибназар Гайратшо.

Элчинин айтымында, тажик жарандары 19 жаштагы тажикстандык айдоочу Эссен шаарында катуу ылдамдык менен барып жөө адамдар жүрчү жолго чыгып кеткенден кийин кармалган. Анда эч ким жабыркаган эмес. Бирок айдоочу кармалып, полициянын атайын операциясы маалында 11 киши, анын ичинде Тажикстандын тогуз, Түркиянын жана Германиянын бирден жарандары кармалган.

Немис жалпыга маалымдоо каражаттарынын маалыматы боюнча кармалган адамдардын айрымдары «Ислам мамлекети» террордук тобу менен байланышы бар жана «мамлекетке каршы олуттуу кылмышка» даярдык көргөн деп шектелип жатышат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17