Аймак

РЕЙДЕРЛИК: ДЕПУТАТ ЖУМАЛИЕВ БИЗНЕСИН КОРГОП ЖАТАБЫ?

РЕЙДЕРЛИК: ДЕПУТАТ ЖУМАЛИЕВ БИЗНЕСИН КОРГОП ЖАТАБЫ?

 1,106 Бардыгы /

Интернет-сайттарда «Кочкор-Атадагы рейдерлик” аталышындагы макала жарык көргөн жана анда Жалал-Абад областындагы Кочкор-Ата шаарында жайгашкан “Касым-Ата” базарын рейдерлик жол менен ээлеп алуу тууралуу жазылган эле. Биз бул ишке Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин “Бир бол” фракциясынан депутаты, мурдагы премьер-министр, областтын губернатору, академик Кубанычбек Жумалиевдин кандай тиешеси барлыгы тууралуу айтып берүүнү убада кылганбыз.

Иш мындай болгон. 2009-жылы Сузак районундагы Дөмөр айылынын тургуну Махамадтажи Салимов “Азия Универсал Банк” (АУБ) менен келишим түзүп, 3 жылдык мөөнөткө жылдык үстөгү 24 пайыздан 4 миллион сом насыя алган. Күрөөгө Кочкор-Ата шаарындагы “Касым-Ата” жоопкерчилиги чектелген коомун (базарды) жана ошол шаардын Фрунзе көчөсүндөгү 3 батирлүү үйүн койгон. Келишимге М. Салимов жеке киши катары кол койгон.

Алган насыяга М. Салимов пахтаны кайра иштетүүчү завод ачат, бирок 2010- жылы улуттар аралык конфликттер келип чыгып, белгисиз кишилер заводду талап-тоноп кетишкен. Заводдун иши токтоп, насыяны төлөй албай калат. АУБ 2010-жылдан кийин куугунтукталып, “Залкар банк” ачык акционердик коомуна айланган, андан кийин азыркы “Росинбанк” болуп калган. Насыя өндүрүү укугунан пайдаланып, банк 2012-жылы 5-июнда Самарбек Жумалиев аттуу ишкер менен келишим түзөт. Келишим боюнча С. Жумалиев насыя төлөй албай калган М. Салимовдун 5 миллион 649 миң 908 сом 66 тыйын карызын төлөшү керек; ал эми банк ага күрөөгө коюлган мүлктү убактылуу пайдаланууга өткөрүп берет.

Бирок, келишим мыйзамдуу эмес түзүлүп калган, себеби “Касым-Ата” ЖЧКсы 2012-жылы 30-майда С. Жумалиев аркылуу 5 миллион 16 миң 718 сом 50 тыйынды, кийин 2012-жылы 4-июнда 53 миң 121 сом 16 тыйынды банктын эсебине төлөп берген жана карыз толугу менен төлөнүп бүткөн. Ошентип, насыя алган кишинин карызы калбаган соң, банк 2012-жылы 5-июнда С. Жумалиев менен келишим түзүп, күрөөдөгү мүлктү ага пайдаланууга бербеши керек эле. Анан дагы бул келишимди түзүүгө насыя алган, карыз төлөй турган М. Салимов катышкан эмес жана анын колу да жок. М. Салимов мындай бир тараптуу эле мыйзамсыз түзүлгөн келишимге каршы туруп, Жалал-Абад райондор аралык сотуна ал келишимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылат. Бирок, сот түзүлгөн келишимди негедир туура деп тапты, аны Жалал-Абад областтык соту, Жогорку Сот күчүндө калтырды. Анан С. Жумалиев 2012-жылы 5-октябрда “Вискарь” консалтинг компаниясын жалдап, базарды сатууга аукцион өткөргөн да, анын жеңүүчүсү өзү болгон. Кыскасы, схема жакшы түзүлүп, базарды өзүнө алып алды. Кийин 2013-жылы 4- апрелде базарды күч колдонуп, ээлеп да алган.

М. Салимов бул аукциондун өткөрүлүшүн мыйзамсыз деп эсептеп, Жалал-Абад райондор аралык сотуна кайрылат, сот аукционду мыйзамсыз деп табат, областтык жана Жогорку Сот ал чечимди күчүндө калтырат. Базар М. Салимовго өтөт, бирок ал аны тескей албайт, себеби С. Жумалиев аны ээлеп алган. Базарын колдон алдырган М. Салимов ошол 2012-жылы түзүлгөн келишимдин туура же туура эместигин расмий тастыктоо үчүн аудитордук кызматка кайрылат. “Жалалабат аудит” жоопкерчилиги чектелген коому банк менен С. Жумалиевдин ортосунда түзүлгөн келишимди ар тараптуу изилдеп чыгып, 2018-жылы 12- ноябрда өзүнүн корутундусун чыгарган. Анда насыя карыздары бул келишим түзүлгөнгө чейин эле төлөнгөнү, ошол жагдай эске алынбай түзүлгөн бул келишим Кыргыз Республикасынын Жарандык Кодексинин талаптарын, мурда банк менен М. Салимов ортосундагы түзүлгөн келишимдин талаптарын бузганы айтылып, М. Салимовго банк тарабынан зыян келтирилгени тастыкталат. Ошол жаңы ачылган жагдайга негизденип, М. Салимов өзүнүн ишенимдүү өкүлү аркылуу Жалал-Абад райондор аралык сотуна ошол эле соттун 2012-жылы 12- декабрда чыгарган чечимин, банк менен С. Жумалиевдин ортосунда түзүлгөн келишимди жокко чыгаруу өтүнүчү менен кайрылды. Сот өтүнүчтү 2019-жылдын 15-мартындагы жыйынында карап, аны канааттандырган жок. Бардык далилдер да, аудит-эксперттердин корутундусу да, андан келип чыккан жаңы жагдайлар да сотту ынандыра алган жок. Эми Жалал-Абад райондор аралык сотунун чечими боюнча Жалал-Абад областтык сотуна өтүнүч келтирилмекчи. М. Салимов учурда Россия Федерациясынын жараны болуп саналат жана Кыргызстандагы сот адилеттигине ишенбей РФнын президенти В. Путинге кайрылуу жасаган. Ал кайрылуу айрым сайттарда, атап айтканда “24.kg” сайтында “У Владимира Путина опять просят помощи. Теперь бизнесмен из Джалал-Абада” деген аталышта жарыяланган соң, КР Жогорку Кеңешиндеги “Бир бол” партиясынан депутат Кубанычбек Жумалиев ал материал боюнча өзүнүн жоопторун берген. Ал жооптор да аталган сайтта “Обращение к Владиимру Путину. Депутат ответил на обвинения в рейдерстве” деген аталышта жарык көрдү. Бул жерде “Эмне үчүн бул базар талаш маселеси боюнча Жогорку Кеңештин депутаты жооп берип жатат?” деген суроо туулбай койбойт. Себеби М. Салимов базарды рейдерлик жол менен ээлеп алды деп айыптап жаткан С. Жумалиев ушул ЖК депутаты К. Жумалиевдин бир тууган иниси болот. Албетте, бир тууганынын көйгөйүнө ал агасы катары кайдыгер карап турбаса керек. Бирок, К. Жумалиев муну менен бул базар бизнесине, болуп жаткан талаш- тартыш маселелерге өзүнүн да тиешеси барлыгын билдирип койду. Бир тууган инисин баарын мыйзамдуу жол менен жасаганын коомчулукка айтуу менен, аны коргоо менен бул маселеде четте калбагын тастыктап койду. Бул биринчиден. Экинчиден, Жогорку Кеңештин депутаты эл тарабынан шайланып, мандат алган соң бардык маселелерде өзүнүн мандатын, депутаттык креслосун да, мартабасы менен таасирин да жалпы коомдун, карапайым жарандардын. Мамлекеттин, калыстык менен адилеттиктин пайдасына багытташы керек деп ойлойбуз. А бу жерде болсо, ал бардык өзүнүн таасирин жана коомдук-саясий абалын бир тууган инисинин бизнесин, пайдасын коргоого пайдаланып жатат. Бул бери эле болгондо уят нерсе. Үчүнчүдөн, депутат К. Жумалиев ошол сайт аркылуу берген жообунда бул талаш маселеге сот чекит койгондугун, соттун кабыл алган чечими (анын туура же туура эместиги) боюнча эч ким соттон отчёт суроого укуктуу эместигин айтат. Муну менен ал өзүнүн депутаттык жогорку мартабасын, даражасын, таасирин сотторго да тийгизип, аларды коргоп жатат. Кыскасы, азыр бир тууган иниси жана анын бизнеси анын коргоосунда экени, ага кошумча сотторго да таасир этүү аракети ачык болду. Эмне демекчибиз, ар бир жаран өзүнүн мүлк укуктарын коргоого, бузулган укуктарынын калыбына келтирилиши үчүн бардык мыйзамдуу аракеттерди жасоого укуктуу. Ал эми мамлекет сот жана укук коргоо органдары, мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары аркылуу жарандардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын камсыз кылууга милдеттүү. Ошону үчүн да М. Салимов өзүнүн мүлк укуктары С. Жумалиев жана соттор тарабынан бузулганын айтып, мыйзамдуу жол менен аны калыбына келтирүү аракетинде. Ал эми Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши өлкөдөгү мыйзам чыгаруучу жогорку орган, бийликтин бир бутагы катары мыйзамдардын жана укуктардын сакталышына көзөмөл салууга, коомдо адилеттикти камсыз кылуу үчүн мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын аракеттерине көз салып турууга милдеткер. Бирок, ал нерсе депутат К. Жумалиевдин аракетинен, позициясынан көрүнбөй атат. Ал парламенттик мандаты менен бир тууган инисин, анын бизнесин, пайдасын жактап жатат. Ошону үчүн да эл ичинде депутаттар парламентке өз байлыгын, бизнесин коргоо үчүн барышат, деп айтышпайт экен да. Өтө өкүнүчтүү. Президент Сооронбай Жээнбеков соттордун чоң жыйынында “Прокуратура, сот органдары сүйлөшүп алышып, кээ бир ишкерлердин мүлктөрүн тартып алып койгон мисалдар болуп жатат” – деп айты кетти. Туура айтылган сөз, бирок прокуратура менен соттордун катарына эми депутаттарды да кошуп койсо болчудай. К. Жумалиевдин позициясы бизди ушуга түртүп жатат.

P.S. Ушул жагдайларды эске алуу менен биз ушул талаш-маселенин чын- төгүнүн, ким күнөөлүү да, ким ак экенин эл алдында ачык талкуулоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты Кубанычбек Жумалиевди теледебатка чакырабыз. Кимдин ак жана так экенин, кимдин туура эместигин эл өзү көрүп, өзү жыйынтык чыгарсын.

Абдиназар МАМАТИСЛАМОВ, укук коргоочу. Жалал-Абад шаары.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17