Аймак

ЧАТКАЛ РАЙОНУНДА ЭРКИН ЖАНА УЛУТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА РАЙОНДУК МЕЛДЕШ ӨТТҮ

ЧАТКАЛ РАЙОНУНДА ЭРКИН ЖАНА УЛУТТУК КҮРӨШ БОЮНЧА РАЙОНДУК МЕЛДЕШ ӨТТҮ

 1,488 Бардыгы /

31-мартта Чаткал районунун Айгыр-Жал айылындагы Исмаил уулу Матиш атындагы орто мектебинде маркум Алмамбет Исмаиловдун жаркын элесине арналган спорттун эркин жана улуттук күрөш түрлөрү боюнча райондук мелдеш болду.
Мелдешке жалпы жүз элүүгө жакын жаш спортчулар катышты.
Мелдеш абдан бүйүр кызыткан кызыктуу деңгээлде өтүп, командалык эсепте 1-орунду Айгыр-Жал айылынын командасы, 2-орунду Каныш-Кыя айылынын командасы, ал эми 3-орунду Курулуш айылынын командасы ээледи.
Мелдеш соңунда чексиз салмак боюнча мелдеш болуп, анда Али Атамкулов бардык атаандаштарын утуп, чексиз салмактагы жеңүүчү аталды.
Мелдеш маркум Алмамбет Исмаиловдун бир туугандары тарабынан уюштурулуп, каржыланды. Мелдешке жекече демөөрчүлөр тарабынан да колдоолор болду.
Чексиз салмактагы балбандардын мелдешине Каныш-Кыя айыл өкмөтү тарабынан беш миң сом демөөрчүлүк көрсөтүлдү.
Мелдештин негизги уюштуруучусу Капарбек Смайылов-күз айларында бул мелдешти облустук деңгээлде өткөрүү максат кылуудабыз-деп билдирди.
“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17