Аймак

МОСКВАДА БЕШ АЯЛДЫ ӨЛТҮРҮҮГӨ АЙЫПТАЛГАН АДАМ ӨМҮР БОЮ ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

МОСКВАДА БЕШ АЯЛДЫ ӨЛТҮРҮҮГӨ АЙЫПТАЛГАН АДАМ ӨМҮР БОЮ ЭРКИНЕН АЖЫРАТЫЛДЫ

 1,136 Бардыгы /

Москва соту беш аялды өлтүрүүгө айыпталган өзбек тектүү Бахтиер Матякубовго карата өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу 2-апрелде «Лента.ру» сайты жазды.

Сот өкүмүнө ылайык, Матякубов жаза мөөнөтүн катаал режимдеги абакта өткөрөт. Сот маалында ал айыптоолорду мойнуна алып, кылмыштарды кандай шарттарда жасагандыгы жөнүндө айтып берди.

Орусиянын Тергөө комитетинин маалыматына караганда, Матякубов 2015-жылдын январынан апрелине чейин бир нече аялды өлтүргөн. Ал аларга Москванын жана Москва облусунун адамдар аз жүргөн сейил бактарында бычак менен кол салган.

Тергөөнүн жүрүшүндө Матякубовдо аялдарга карата жек көрүү сезими бар экени жана эмоционалдык жактан жабыркай тургандыгы аныкталган.

ЖМКлардын маалыматы боюнча жалпысынан ал Орусияда, Өзбекстанда жана Украинада 11 аялды өлтүргөн. Украинада үч аялды өлтүргөндүгү үчүн ал өмүр бою эркинен ажыратылып, 2017-жылы декабрда Орусияга экстрадицияланган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17