Аймак

ПЕТЕРБУРГ МЕТРОСУНДАГЫ ТЕРАКТКА АЙЫПТАЛГАН ЭРМАТОВ КЫЙНООГО АЛЫНГАНЫН БИЛДИРДИ

ПЕТЕРБУРГ МЕТРОСУНДАГЫ ТЕРАКТКА АЙЫПТАЛГАН ЭРМАТОВ КЫЙНООГО АЛЫНГАНЫН БИЛДИРДИ

 1,291 Бардыгы /

2017-жылы апрелде Санкт-Петербург метросунда болгон терактка тиешеси бар деп айыпталган Мухамадюсуп Эрматов Федералдык коопсуздук кызматынын (ФСБ) «жашыруун түрмөсүндө» кыйноого алынганын билдирди. Бул тууралуу «Медиазона» басылмасы Коомдук байкоочу комиссиянын мүчөсү Яна Теплицкаяга таянып жазды.

Эрматовдун айтымында, ал 2017-жылы апрелде кармалгандан кийин бир ай бою «жашыруун түрмөдө» камакта жаткан. Анын кармалгандыгы расмий түрдө май айында гана жарыяланган.

Эрматов анда колдору байланып, башына кап кийгизилген бойдон кармалып турганын билдирүүдө. Анын айтымында, ага карата электр тогун колдонуп, тамак-аш жана суу беришкен эмес.

Мурдараак ФСБнын «жашыруун түрмөсүндө» кыйноого алынгандыгын бул иш боюнча 11 айыпталуучунун бири Абром Азимов дагы билдирген.

2017-жылы 3-апрелде Санкт-Петербург метросунда жарылуу болгон. Анда жанкечти делген адам менен кошо 16 киши каза таап, 100дөн ашыгы жаракат алган. Тергөө жардырууну Кыргызстанда туулган 22 жаштагы Орусиянын жараны Акбаржон Жалилов жасаган деп эсептейт. Бул иш боюнча жалпысынан 11 киши айыпталуучу катары өтүп жатат. Учурда алардын баары тең камакта.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17