Аймак

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ӨЛКӨНҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮНҮН ЖҮРҮШҮНӨ НААРАЗЫЧЫЛЫГЫН ЖАШЫРГАН ЖОК

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ӨЛКӨНҮ САНАРИПТЕШТИРҮҮНҮН ЖҮРҮШҮНӨ НААРАЗЫЧЫЛЫГЫН ЖАШЫРГАН ЖОК

 875 Бардыгы /

БИШКЕК. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков Президенттин коомдук башталыштагы кеңешчиси Дастан Догоевди, Кыргызстан Маалыматтык технологиялар жана байланыш комитетинин төрагасы Бакыт Шаршембиевди жана өлкөнүн Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин алдындагы «Электрондук өз ара аракеттенүү борбору» мамлекеттик ишканасынын директору Нурия Кутнаеваны кабыл алды.

Анда өлкөдөгү санариптик трансформация боюнча иш-чаралар жана милдеттер, ошондой эле 2018-жылдын 14-декабрында өткөн өлкөнү санариптик өнүктүрүү боюнча Коопсуздук Кеңешинин жыйынынын чечимдерин аткаруунун жүрүшү абдан катуу талкууланды.
Бакыт Шаршембиев жана Нурия Кутнаева Маалыматтык технологияларды өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жаатында аткарылып жаткан жумуштар туурасында кыскача баяндама жасашты. Ушул тапта 47 мамлекеттик орган (59 маалымат базасы) «Түндүк» ведомстволор аралык Электрондук өз ара аракеттешнүү системасына кошулган. Ошентип, 16 мамлекеттик органдын ортосунда маалымат алмашуу толук кандуу камсыз кылынды. Мамлекет башчысы өлкөнү өнүктүрүүнүн санариптик негиздерин илгерилетүү негизги артыкчылыктуу багыт экендигин дагы бир ирет катуу эскертти.
– Санариптештирүү өлкө турмушунун бардык чөйрөсүн, мунун ичинде биздин жарандардын жашоосун жеңилдетүү максатында мамлекеттик кызматтарды көрсөтүү, маалымкат алуу жана мамлекеттик органдардын ортосундагы документ жүгүртүү жараяндарына дейре жашоо-турмушубуздун бардык чөйрөсүн камтыйт. Муну үчүн мамлекеттик органдар жараяндын баарын кайра карап чыгып, ашыкча бюрократиялык жол-жоболорду биротоло жоюп, регламенттерди жөнөкөйлөштүрүүсү абзел! – деп баса белгиледи Сооронбай Жээнбеков.
Акырында мамлекет башчысы өлкөнү санариптештирүүдөгү милдеттерди ишке ашыруунун жүрүшүнө ачык эле нааразычылыгын билдирип, кыска аралыкта активдүү өнүгүүгө жана өлкөнүн бардык жашоо-турмушуна санариптештирүүнүн толдук кандуу киришине тоскоол болуп жаткан мүчүлүштөрдү токтоосуз четтетүүнү тиешелүү органдарга абдан катуу тапшырды.

 

Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17