Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА КӨЗДҮН КӨРҮҮСҮН ТЕКШЕРҮҮ ЖАНА ДИАГНОСТИКАЛОО ИШТЕРИ ЖҮРӨТ

ЖАЛАЛ-АБАДДА КӨЗДҮН КӨРҮҮСҮН ТЕКШЕРҮҮ ЖАНА ДИАГНОСТИКАЛОО ИШТЕРИ ЖҮРӨТ

 1,341 Бардыгы /

Жалал-Абадда көз ооруларынын алдын алуу боюнча адистер журналисттерге маалымат беришти.

Көк-Арт маалымат борборунда өткөрүлгөн жыйынга Жалал-Абад областтык саламаттыкты сактоо тармагынын координаторунун орун басары Кадича Пратова, областтык Ден соолукту чыңдоо кабинетинин башкы адиси Шайлоокан Торобекова, областтык бириккен ооруканасынын көз оорулар бөлүмүнүн башчысы Авангард Кочеров, Улуттук Кызыл Ай коомунун өкүлү Саидаббас Раимжанов катышты.

Жыйын Кызыл Ай коомунун “Кыргызстандын түштүгүндөгү аярлуу жамааттарына офтальмологиялык кызмат көрсөтүнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу” долборунун алкагында өткөрүлдү. Анда көз ооруларынын алдын алуу жана келип чыгуу себептерин түшүндүрүштү.

Үстүбүздөгү жылдын 25-мартынан бери Бүткүл дүйнөлүк ден соолук күнүнүң алкагында Кызыл Ай коому калк арасында көз ооруларынын алдын алуу жана диагностикалоо боюнча ар түрдүү иш чараларды өткөрүп келишкен.

Алдыда 8-апрелден баштап Жалал-Абад областында жана анын региондорунда калктын көзүнүн көрүүсүн текшерүү жана диагностикалоо, кандагы кантты текшерүүлөрү жүрөт.

Эске сала кетсек, 1-апрелден баштап Ош областында мектеп окуучуларына жана кесиптик лицейлердин студентерине көзүнүн көрүүсүн текшерүүлөр уюштурулган.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17