Аймак

АБЫЛГАЗИЕВ: «АК-ТИЛЕК» ӨТКӨРМӨ БЕКЕТИНДЕГИ МАСЕЛЕ ЧЕЧИЛЕТ

АБЫЛГАЗИЕВ: «АК-ТИЛЕК» ӨТКӨРМӨ БЕКЕТИНДЕГИ МАСЕЛЕ ЧЕЧИЛЕТ

 1,504 Бардыгы /

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кыргыз-казак чек арасындагы «Ак-Тилек – Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетиндеги кырдаал боюнча Казакстандын өкмөт башчысы Аскар Мамин менен үч жолу сүйлөшкөнүн билдирди.

Абылгазиев өкмөттүн бүгүнкү жыйынында Кыргызстан менен Казакстандын бажы кызматтарынын жетекчилери кечээ, 4-апрелде казак премьер-министринин кабинетинде маселени талкуулашканын жана туура чечимге келишкенин айтты.

– Кээ бирлер бизди «унчукпай жатат» деп айтып жатышат. Унчукпай, сүйлөшүүлөр менен чечилчү айрым экономикалык маселелер, абдан кылдат мамиле кылчу маселелер бар. Өкмөт аны карап, байкоочу болуп турган жери жок. Биз өз деңгээлибизде иштеп атабыз. Кудай буюрса бул чечилет. Муну биз Евразия Экономикалык Биримдигиндеги комиссиянын төрагасы менен да сүйлөштүк. Бүгүн, эртең туура чечимге келебиз деген ойдомун, – деди Абылгазиев.

Бул арада Казакстандын бийлиги Евразия Экономикалык Биримдигинин (ЕАЭБ) мыйзамдарын сактап жатканын, ошол эле учурда товар ташууда эрежелерди сактоону талап кыларын билдирди. Өлкөнүн Мамлекеттик кирешелер комитетинин жетекчисинин орун басары Куат Рахимов бул тууралуу 5-апрелдеги басма сөз жыйынында айтты.

Рахимов «товар Кыргызстандан Казакстанга өтүп жатканда салыктар да Казакстанда төлөнүшү керек» деп жатат. Ошол эле учурда ал «транзит аркылуу Орусияга өтөт» деген кээ бир товарлар Казакстандын базарында калып жатканын белгилөөдө.

– Кыйыр салык алуу маселеси анык, абдан чоң жана чечилбей калып жатат. Экинчи жагдай товар-транспорттук документтерге байланыштуу. Ал жерде бир товар көрсөтүлөт, аныгында башка товар. Саны, баасы, көлөмү азайтылып көрсөтүлүүдө, – дейт Рахимов.

«Ак-Тилек – Автожол» көзөмөл өткөрмө бекетинде жүк ташуучу автоунаалардын узун кезеги 19-марттан тартып пайда болгон.

Буга казак тарап текшерүүнү күчөтүп, бир саатта 4-5 жүк ташуучу автотранспортту өткөрүп жатканы себеп болууда. Текшерүү күчөтүлө электе аталган посттон күнүнө 300дөн 400гө чейин жүк ташуучу автоунаа өтүп турган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17