Аймак

ЕВРОКОМИССИЯ: “КАТААЛ” БРЕКЗИТ БОЛУШУ ЫКТЫМАЛ

ЕВРОКОМИССИЯ: “КАТААЛ” БРЕКЗИТ БОЛУШУ ЫКТЫМАЛ

 1,069 Бардыгы /

Улуу Британиянын Евробиримдиктен келишимсиз негизде чыгуу ыктымалдуулугу өсүүдө. Еврокомиссиянын башчысы Юрки Катайнендин айтымында, Брюссель бул вариантка эмне альтернатива болушу мүмкүн экенин түшүнбөй жатат.

Катайнендин пикиринде, “катаал” Брекзит болушу ыктымал, себеби Улуу Британия парламенти ЕБдан чыгуу боюнча башка жолдорду сунуштаган жок. Брюсселге британ депутаттары кандай чечимдерди кабыл албай турганы гана белгилүү.

Буга чейин өлкөнүн премьер-министринин өкүлү Жеймс Слак британ парламентин сынга алган. Ал Брекзитти жылдыруу боюнча резолюция биримдиктен келишимсиз чыгууга түртөт деп маалымдаган. Слак депутаттарды британ премьер-министри Тереза Мэй үч жолу сунуштаган келишимди колдоого чакырган.

Британия уюмдан 2019-жылдын 29-мартында чыгышы керек эле. Бирок бул мөөнөткө чейин Брекзит боюнча мунаса табылбаганы үчүн Евробиримдик британ өкмөтүнө 12-апрелге чейин убакыт берген. Бул убакытка чейин британ парламенти келишимди кабыл алып же Брюсселге альтернативдүү жол сунушташы керек.

Жакында Тереза Мэй ЕБдан чыгуу мөөнөтүн 22-майга чейин жылдырууга үмүт арткан. Евробиримдик бул маселени чукул түрдө 10-апрелде талкуулайт.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17