Аймак

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭКОЛОГИЯЛЫК ПАРККА ЖАШ КӨЧӨТТӨР ОТУРГУЗУЛДУ

ЖАЛАЛ-АБАДДА ЭКОЛОГИЯЛЫК ПАРККА ЖАШ КӨЧӨТТӨР ОТУРГУЗУЛДУ

 1,090 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 6-апрелде Жалал-Абаддагы экологиялык паркка көчөттөрдүн 2 түрүнөн 100гө чукул отургузулду.

Ага Өкмөттүн Ыйгарым укуктүү өкүлүнүн аппаратынан, шаардык мэриянын өкүлдөрү, мекеме-ишканалардын кызматкерлери жана шаардагы №1 кесиптик лицейинин студенттери катышышты.

Бул тууралуу Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын жетектөөчү адиси Жолдошбай Осмонов төмөнкүлөрдү билдирди.

Жалал-Абад шаарында атайын ишембилик өтүп жатат. Бүгүн экологиялык паркта жүзгө жакын жаңы көчөттөрдү отургуздук. Өкмөттүн токтому менен 3 айлык ишембилик жарыяланган. Анын негизинде район-шаарларда дагы ишембиликтер өтүп жатат. Бүгүнкү күндө быйылкы максат ишембиликте отургузулган көчөттөдүн токсон пайызын өстүрүп алсак чоң ийгилик. Буларды эгүү менен гана чектелбесен сактап калуу аракети дагы жүрөт “,-дейт Ж.Осмонов.

Иш чара Жалал-Абад шаардык мэриясы тарабынан демилгеленген 3 айлык ишембиликтин алкагында болду.

“Аймак”

 

 

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17