Аймак

ӨКМӨТ ӨКҮЛҮ ТӨӨ-МОЮН АНКЛАВЫНЫН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

ӨКМӨТ ӨКҮЛҮ ТӨӨ-МОЮН АНКЛАВЫНЫН ТУРГУНДАРЫ МЕНЕН ЖОЛУГУШТУ

 1,371 Бардыгы /

 

ОШ. Кыргыз Өкмөтүнүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Араван районуна иш сапарынын алкагында, район борборунан 80 чакырым алыстыкта жайланышкан Өзбекстан чектешкен Төө-Моюн анклавынын эли менен бетме-бет жолугушуп, алардын арыз-муңун жеринде тыңдады.

                        Төө-Моюн анклавына Кадамжай районунан келүүчү суу Өзбекстан аркылуу өткөндүктөн, өрөөндө дагыле суу тартыштыгы күч. Дал ушул Эсенбай айылына быйыл каналдан суут артууга уруксат маселеси дээрлик чечилип, суу чыгаруу иштерин баштоо талабы коюлду. Ошондой эле резервдик фондунан дагы каражат бөлүү жагы толук чечилди. Бир аныктама үчүн анклавдан район борборуна каттап, бир күн убактысын короткон элге шарттүзүү үчүн социалдык коргоо , ЗАГСмамлекеттик каттоосалык кызматкерлери жерине барыптийиштүү документ топтошуп жөлөк пулдарды чыгаруу жана гемотологгинеколог-дарыгердин тобу барып пландуу кароо өткөрүп, тийиштүү жардамдар көрсөтүүсү үчүн тапшырма дагы берилди.

                   Алишер ТОКСОНБАЕВ, өз кабарчы

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17