Аймак

ЗЕЛЕНСКИЙ ПУТИН МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮГӨ ДАЯР ЭКЕНИН БИЛДИРДИ

ЗЕЛЕНСКИЙ ПУТИН МЕНЕН СҮЙЛӨШҮҮГӨ ДАЯР ЭКЕНИН БИЛДИРДИ

 1,009 Бардыгы /

Украина президенттигине талапкер Владимир Зеленский Орусия жана анын президенти Владимир Путин менен сүйлөшүү зарыл деп эсептейт. Бул тууралуу ал “Украина” телеканалына маек берип жатып билдирди.

Ошол эле маалда талапкер Украина эч качан өз жерин жана элин курмандыкка чаппай турганын белгиледи. Сүйлөшүүлөр дипломатиялык форматта жана Батыш өлкөлөрүнүн өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүшү керек.

Зеленскийдин пикиринде, башкы максат – согушту токтотуу гана эмес, биринчи кадамдарды жасоо – атышууларды токтотуу. Талапкер Украина чыгышындагы жаңжалга комментарий берип жатып, Минск жараянын жандандыруу зарылдыгын айтты:

“Ал жерде жашаган кишилерге пенсия төлөп берүүнү баштоо керек, аларга башыңарды айландырып алышты, биз силерди күтөбүз, сүйөбүз, баарын жеңебиз, жакында атышуу токтойт, силер Украинанын курамына кайтып келесиңер деп түшүндүрүү керек”.

Украинада 31-мартта өткөн президенттик шайлоонун биринчи айлампасында Владимир Зеленский 30,24% добуш алып, алдыга чыккан. 15, 95% добушу менен Порошенко экинчи орунду алган. Шайлоонун экинчи айлампасы 21-апрелде өтөт.

Украинанын президенттигине талапкерлер Петр Порошенко менен Владимир Зеленский Киевдеги «Олимпийский» стадионунда дебатка катышат.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17