Аймак

ПЕНСИЯГА КАНТИП ЧЫГАСЫЗ?

ПЕНСИЯГА КАНТИП ЧЫГАСЫЗ?

 14,835 Бардыгы /

Ар бир адам жашоосунда социалдык коргоого, кепилдиктерге муктаж болот. Алардын катарында бардык катмардагы адамдар карыганда пенсия алуу укугуна ээ болуусу турат. Пенсия дүйнөдөгү бардык адамдар алуучу каражат.

2019-жылдын 1-январынан тарта пенсияга чыкчу жарандарды кубанткан  жаңы мыйзам ишке кирген. Анда пенсия курагына жеткендер пенсия алыш үчүн мурункудай көп документ чогултпайт. Анда кандай документтер керектелет? Пенсия кайсы учурда чегерилет? Пенсионерлер үчүн кандай жеңилдиктер каралган? Бул сыяктуу суроолорго жооп Жалал-Абад шаардык социалдык фонд башкармалыгынын башчысы Рустамбек Тургуновдон жана пенсия чектөө бөлүмүнүн адиси Айдана Зулпукаровадан алынды.

Пенсия боюнча бардык иштерди Социалдык фонд башкармалыктары жүргүзөт.

Социалдык фонд башкармалыгы – жөнөкөй тил менен айтканда элдин акчасын чогултуп, кийин алар улгайганда же жардамга муктаж болгондо өздөрүнө кайтарып берген мекеме.

 

ПЕНСИЯ КАЙСЫЛ УЧУРДА ЧЕГЕРИЛЕТ?     

Пенсия (латын сөзүнөн pensio – төлөм) – жашоонун негизги каражат булагы катары мамлекет же башка субъект тарабынан эмгекке жарамсыз жарандарга такай, ошондой эле өмүр бою берилүүчү төлөм. Ал төмөнкү учурларда дайындалат:

  • белгилүү бир пенсиялык куракка жеткенде;
  • майыптык белгиленгенде;
  • баккан адамы каза болгондо;
  • ошондой эле узак кесиптик ишине байланыштуу.

 

ЭМГЕК СТАЖЫҢЫЗ МААНИЛҮҮ. Анткени…

КРдин мыйзамы боюнча пенсияга эркектер 63, аялдар 58 жашынан чыгышат. Ал эми тоолуу шартта жашаган эркектер 55, аялдар 50 жаштан чыга алышат. Бирок пенсиянын базалык бөлүгүнөн төлөнө турган 1 жарым миң сомду алууга 25 жылдык эмгек стажы керек болот. Пенсияга эрте чыгуу үчүн эркектер 60, аялдар 55 жаштан чыга алышат. Бирок эмгек стажы 40/35 жылдан ашык болуусу кажет.

 

КАНДАЙ ДОКУМЕНТТЕР КЕРЕКТЕЛЕТ

2019-жылдын 1-январына чейин курагы боюнча пенсияга чыгуу үчүн пенсия чектөөдө төмөнкү иш кагаздар талап кылынган:

 паспорт;

эмгек китепчеси;

 орто же жогорку окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом (19.02.1999-жылга чейинки күндүзгү окуу);

 аскердик билет;

 аялдар үчүн – балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

 1992-1995-жылдары жеке ишкер катары же жеке мекемелерде – камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөгөндүгү тууралуу маалымкат;

 1996-жылга чейин катары менен 60 ай үчүн айлык акы тууралуу маалымкат;

 1996-жылдан баштап жумуш берүүчү тарабынан берилүүчү айлык акы жана жалдоо тууралуу маалымкат;

нике тууралуу жана башка фамилияга берилген иш-кагаздары бар учурда ажырашкандыгы тууралуу күбөлүк.

2019-жылдын 1-январынан баштап курагы боюнча пенсияга чыгуу үчүн пенсия чектөөдө төмөнкү иш кагаздар талап кылынат:

  паспорт;

 эмгек китепчеси;

орто же жогорку окуу жайын аяктагандыгы тууралуу диплом (19.02.1999-жылга чейинки күндүзгү окуу);

аскердик билет;

 аялдар үчүн – балдардын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү;

1996-жылга чейин катары менен 60 ай үчүн айлык акы тууралуу маалымкат.

ЭНЕЛЕРДИН ЭСИНЕ!

-Эгер сиз иштесеңиз балдарды багуу мезгили жалпы камсыздандыруу стажыңызга 6 жыл кошулат. Башкача айтканда, бир балаңызга 3 жыл, эки балаңызга 6 жыл стаж жазылат. Дагы да жөнөкөйлөтүп айтсак эгерсиз 3 балалуу болсоңуз 9 жыл стаж болбойт. Максималдуу 6 жыл гана жазылат. Бул энелерге берилген жеңилдик. Пенсияга чыгуу үчүн эмгек стажыңыз жетпей жатса, жогорудагы стажыңызды кошуу менен пенсияга чыгуу укугуңуз бар.

-Эгерде сиз иштей албай турган абалда болсоңуз, анда социалдык өнүктүрүү министрлигинен социалдык жөлөк пул чектелет. Пенсиялык фонддон алган пенсия жылына көбөйсө, социалдык өнүктүрүү министрлигинен төлөнгөн социалдык пенсия республикалык бюджеттен көз каранды.

 

ПЕНСИОНЕРЛЕРГЕ ЖАРАЛГАН ЖЕҢИЛДИК

Жалал-Абадда пенсияны пенсионерлер өз каалоосу менен каалаган жеринен ала алышат. Соцфонддун жетекчиси билдиргендей пенсия курагындагылардын каалоосуна ылайык пенсиясын почта аркылуу үйүнө жеткирип же банк аркылуу которуп берүү мүмкүнчүлүгү бар. Банкка төлөнгөн төлөм менен почтанын акысы да аталган мекеме тарабынан төлөнөт. Алар пенсиясын толук алат. Бул эки мүмкүнчүлүк тең пенсионерлерге болгон жеңилдик.

ТӨГҮМДӨР КӨП ТҮШКӨН ЖАЛАЛ-АБАД

Жалал-Абад шаары боюнча жалпы пенсионерлердин саны өткөн жылы 7 600 болсо, азыркы тапта 8 073, айына пенсия үчүн  44 миллион 256 миң сом бөлүнгөн. Бул сумма ай сайын өзгөрүп туруусу мүмкүн. Айрым райондорго салыштырмалуу Жалал-Абад шаарында жеке ишкердик жүргүзгөндөр жана кесиптик кызматта иштегендер көп болгондуктан социалдык фондго төгүмдөр көп түшөт. Андыктан шаардык соцфонд профицит менен алдыга бара жатат.

 

МАМЛЕКЕТТИК ЭМЕС ПЕНСИЯЛЫК ФОНД ДЕГЕН ЭМНЕ?

“Кыргызстан” мамлекеттик эмес пенсиялык фонду өлкөбүздө 1994-жылдан бери иш жүргүзүп келе жатат. Фонддун эсебине түшкөн каражат Улуттук банк жана КРдин Өкмөтүнө караштуу Финансы рыногун тескөө жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын текшерүүсүнөн өтүп турат.

Жарандар аталган фонд менен келишим түзүп, эсеп ачып, ага ар ай сайын акча которуу менен пенсия топтой алышат. Минималдык сумма – 500 сом. Мында пенсия топтоонун үч түрү бар.

1.Ыктыярдуу топтоо системасы.

2.”Мурас” балдар системасы. Балаңызга арнап ай сайын белгиленген сумманы салып турсаңыз, келишимде белгиленген мөөнөттөн кийин балаңыз өз пенсиясын ала берет.

  1. Пенсиялык камсыздоо полиси. Келишимдин мөөнөтү 10-25 жыл. Мөөнөт аяктагандан соң узартууга болот. Эгер бул фонддо жеке эсебиңизди ачып, ага белгиленген каражатты ай сайын салып турсаңыз, 10 жылдан кийин жашыңызга карабай пенсия ала баштайсыз. Мисалы, ай сайын 500 сомдон салсаңыз, 10 жылдан кийин ай сайын 2000 сомдун тегерегинде пенсия алып турасыз. Эгер келишим түзгөн жаран кокустан каза тапса, анын пенсиясы жакындарына берилет.

КЫЗЫКТУУ ЦИФРАЛАР

  • Пенсия алгандардын дээрлик 69%ы бүгүнкү күндө айыл жергесинде жашайт.
  • Пенсия алгандардын жалпы саны 604 миң адамды же калктын 10%ын түзөт.
  • Ар бир алтынчы пенсионер майыптыгы боюнча пенсия алышат .
  • 5,2 млн. адам же калктын 87%ы жекече эсепке алуу системасы менен камтылган.
  • Пенсионерлердин жалпы санынын 68 %ы – аялдар.

 

Даярдаган: Бүбүсара ОРОЗАЛИЕВА, “Аймак”

О

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17