Аймак

СТУДЕНТТЕРИ  «FASHION DAY» АТТУУ МОДА КӨРСӨТҮҮСҮН ӨТКӨРҮШТҮ

СТУДЕНТТЕРИ  «FASHION DAY» АТТУУ МОДА КӨРСӨТҮҮСҮН ӨТКӨРҮШТҮ

 1,597 Бардыгы /

К.Ш. Токтомаматова атындагы Эл аралык университеттин (ЭАУ) студенттери тарабынан тигилген жаштардын жазгы кийимдер коллекцияларынын «FASHION DAY» аттуу мода көрсөтүүсү өткөрүлдү.

Аталган көрсөтүүдө ЭАУнун Гуманитардык-экономикалык колледжинин “Тигилген буюмдарды моделдөө жана конструкциялоо” адистиги боюнча билим алган студенттердин өздөрү тиккен кийимдери тааныштырылды.

Кийимдер коллекциялары төмөнкү аталыштарды сунушталган:

– “Ак муза”;

– “Жазгы гүлдөр”;

– “Винтаж”;

– “Модерн”;

– “Классика”;

– “Кубулуш”.

Кийимдер коллекциялары менен бирге концерттик программа да тартууланган.

Студенттердин бул иш-чарасына ЭАУнун техникалык-технологиялык сабактар жана дизайн кафедрасынын окутуучулары менен чеберлери куратор болуп беришти. Көрсөтүү мыкты кийимдердин сынагы менен коштолуп, комиссия мыкты коллекцияларды аныктады.

Сынактын жеңүүчүлөрү атайын дипломдор жана акчалай сыйлыктар менен сыйланышты.

“Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17