Аймак

МТС ТҮРКМӨНСТАНДАН 1,5 МИЛЛИАРД ДОЛЛАР ТАЛАП КЫЛУУДА

МТС ТҮРКМӨНСТАНДАН 1,5 МИЛЛИАРД ДОЛЛАР ТАЛАП КЫЛУУДА

 744 Бардыгы /

Орусиялык МТС компаниясы Түркмөнстанга каршы жаңы доо арыз жазып, буга чейинки 750 миллион доллардын ордуна эми 1,5 миллиард доллар талап кылууда. Бул тууралуу Интерфакс агенттиги компаниянын өкүлдөрүнө шилтеме кылып жазды.

Былтыр июлда МТС Түркмөнстанга каршы Дүйнөлүк банктын алдындагы Инвестициялык талаштарды чечүү боюнча эл аралык борборго арыз менен кайрылып, түркмөн бийлигин компанияны өлкө базарынан мажбурлап чыгарууга айыптаган. Мындан улам МТС Түркмөнстандагы ишмердүүлүгүн токтотууга аргасыз болуп, 750 миллион доллар чыгым тартканын билдирген.

МТСтин басма сөз кызматы доо арыздагы сумманын көбөйгөнүн марттын аягында жүргүзүлгөн «көз карандысыз баалоонун» жыйынтыгы менен түшүндүрдү. МТСтин бул доо арызы карала турган сот отурмунун датасы азырынча белгилене элек.

Мартта компаниянын вице-президенти Андрей Смелков учурда МТС Түркмөнстандагы бизнесин жыйыштырып, жабдууларын алып жатканын билдирген.

Компаниянын Түркмөнстандагы абоненттери үчүн уюлдук байланыш кызматтарын көрсөтүү 2017-жылы 29-сентябрда токтотулган. Анда МТСтин Москвадагы башкы кеңсесинин басма сөз катчысы Дмитрий Солодовников Ашхабад алардын Түркмөнстанда ишмердүүлүгүн жүргүзүүсүнө уруксат бере турган бир катар документтеринин мөөнөтүн узартпай койгонун билдирген.

Орусиялык компаниянын маалыматына караганда, Түркмөнстандагы ишмердүүлүгүн токтоткон маалга карата МТСтин абоненттеринин саны 1 миллион 700 миң кишини түзүп турган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17