Аймак

АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ ӨЗҮН ӨНҮКТҮРҮҮ МАКСАТЫНДА СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

АЗ КАМСЫЗ БОЛГОН ҮЙ-БҮЛӨЛӨРГӨ ӨЗҮН ӨНҮКТҮРҮҮ МАКСАТЫНДА СЕМИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

 1,194 Бардыгы /

ЖАЛАЛ-АБАД. 9-апрелде «Элим, барсыңбы?! Жалал-Абад» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан уюштурулган семинар болуп өттү. Бул тууралуу аталган кайрымдуулук фонддун Pr-менеджери Таңсулуу Айтбаева билдирди.

Семинарды Жазгуль Джунусбаева ЖИАнын бухгалтер-менеджери “Ийгиликтер жана аны ишке ашыруу сырлары” деген темада өтүп берди. Анын  алкагында  максатты туура коюу, аны ишке ашыруу, акчаны бөлүп сактоо, убакытты туура пайдалануу, азыркы технология деген темалар үстүндө  пикир алмашылды.

Негизги максаты аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө өзүн өнүктүрүү үчүн ай сайын  жашоодон бир канча ийгиликтерге жеткен инсандар менен жолугушуу уюштуруу. Фонддун каттоосунда турган адамдарга мотивация берүү жана багыт көргөзүү болуп саналат. Фонддун каттоосунда турган, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын өзүн өнүктүрүү боюнча тренинг, семинарлар өткөрүлүп келет”,- дейт Т.Айтбаева

Семинардын катышуучулары өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтүп, суроолоруна жооп алып, белектерге ээ болушту.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17