Аймак

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕР МАЛ БАГА АЛБАЙБЫ?

МАМЛЕКЕТТИК КЫЗМАТКЕР МАЛ БАГА АЛБАЙБЫ?

 1,900 Бардыгы /

Мамлекеттик кызматкерлер жеңилдетилген кредит ала албайбы? Мындай суроо улуттук банк өкүлдөрү менен болгон ачык диалогдо айтылды.

Өкмөттүн Жалал-Абад областындагы өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулган Каржы кызматтарынын региондордогу жеткиликтүүлүгү тууралуу жыйыны болду. Ага Улуттук банктын “Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду”, “Кепилдик фондунун” өкүлдөрү жана Жалал-Абад шаарындагы банктардын төрагалары катышкан. Ачык диалогдо “Мен кредит алайын чуркап жүрүп бирок мамлекеттик кызматта иштегеним үчүн ала албадым. Мамлекеттик кызматкер алса, 8-10 миң айлыкка иштейт, Эмнеге эки жүз миң кредит алууга болбойт. Мал алып, жайлоого жөнөтүп, күздө балдарын үйлөп той өткөрөйү дегем” –деп суроо узаткан.

Суроого улуттук банктын өкүлү бул жагдай мыйзамга туур келеби жокпу караштырыш керек деп жооп берди.

Ал эми юрист Бекболот Ибрагимовдун айтымында мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкер коммерция кылууга тыюуу салынган.

-Мыйзам боюнча мамлекеттик кызматкер коммерция кылууга акысы жок деп жазылган. Мал баккан коммерция эмес да. Чындыгында көп болсо он миң сом алган айлыгы күнүмдүк турмушка араң жетет. Анан мал алып жайлоого жөнөтүп, той өткөрбөскө аргасы жок”.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17