Аймак

КАЗАКСТАН: ТОКАЕВДИН ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ИШТЕГЕНИ ШАЙЛООГО КЕДЕРГИСИН ТИЙГИЗБЕЙТ

КАЗАКСТАН: ТОКАЕВДИН ЧЕТ ӨЛКӨДӨ ИШТЕГЕНИ ШАЙЛООГО КЕДЕРГИСИН ТИЙГИЗБЕЙТ

 1,172 Бардыгы /

Касым-Жомарт Токаевдин Женевада кызмат өтөгөнү анын президенттик шайлоого катышуусуна кедерги тийгизбейт. Бул тууралуу Казакстандын юстиция министринин орун басары Наталья Пан билдирди.

Пандын айтымында, Токаев Казакстандын тапшырмасы менен чет өлкөдө иштеген, шайлоого катыша алат.

Казакстандын азыркы президенти 2011-2013-жылдары БУУнун Женевадагы бөлүмүндө башкы катчынын орун басары болуп иштеген. Токаев Куралсыздандыруу боюнча конференциянын башкы катчысы кызматын да аркалаган. 2013-жылы 16-октябрда Казакстан парламентинин сенатынын төрагасы болуп шайланган.

Конституция боюнча президент болуп соңку 15 жылда Казакстанда жашаган, мамлекеттик тилди билген, жогорку билимдүү, кырк жаштан кем эмес жарандар шайлана алат.

9-апрелде Казакстандын убактылуу президенти Касым-Жомарт Токаев кайрылуу жасап, Казакстанда мөөнөтүнөн мурда президенттик шайлоо быйыл 9-июнда өтөрүн жарыялаган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17