Аймак

ТҮРКИЯ ПРЕЗИДЕНТИ СТАМБУЛДАГЫ ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЖОККО ЧЫГАРУУГА ҮНДӨДҮ

ТҮРКИЯ ПРЕЗИДЕНТИ СТАМБУЛДАГЫ ШАЙЛООНУН ЖЫЙЫНТЫГЫН ЖОККО ЧЫГАРУУГА ҮНДӨДҮ

 1,203 Бардыгы /

Түркия президенти Режеп Эрдоган Стамбулдагы муниципалдык шайлоолордун жыйынтыгын жокко чыгарууга чакырды. Бул тууралуу Reuters агенттиги түркиялык өкмөттүк басылмаларга таянуу менен билдирди.

Мыйзамга ылайык, шайлоо үкөктөрү менен мамлекеттик кызматкерлер иштөөсү керек. Эрдогандын айтымында, Стамбулдагы айрым шайлоо тилкелеринде бул талап аткарылган эмес.

Алдын ала жыйынтыктар боюнча Стамбул мэрин шайлоодо оппозициялык Республикалык элдик партиясынан талапкер Экрем Иммамоглу жеңишке жетишти. Ал 0,2 пайыз менен Түркиянын мурдагы премьер-министри Бинали Йылдырымдан озуп кетти.

Анкарада оппозициядан талапкер Мансур Яваш 50 пайыздан көбүрөөк добуш топтоду. Башкаруучу партиянын өкүлү Мехмет Озхасекиге шайлоочулардын 47 пайызы добуш берди.

Түркияда муниципалдык шайлоолор 31-мартта өттү. Добуш берүүгө 57 миллиондон көп киши катталган. 7-апрелде бийликтеги Адилеттик жана өнүгүү партиясы БШКга кайрылып, Стамбул мэрин кайра шайлоону талап кылган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17