Аймак

ЕВРОБИРИМДИК БРЕКЗИТ МӨӨНӨТҮН 31-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН УЗАРТУУГА МАКУЛ БОЛДУ

ЕВРОБИРИМДИК БРЕКЗИТ МӨӨНӨТҮН 31-ОКТЯБРГА ЧЕЙИН УЗАРТУУГА МАКУЛ БОЛДУ

 801 Бардыгы /

Мындай макулдашуу 10-апрелде Брюсселде Евробиримдиктин лидерлеринин чукул саммитинде кабыл алынды. Биримдикке кирген өлкөлөрдүн көпчүлүгү Британияга 9 ай же бир жыл убакыт берүүнү жакташты.

Саммит жабык өттү. Бирок журналисттерге жеткен маалыматка караганда, Франциянын президенти Эммануэл Макрон май айынын соңуна чейин гана мөөнөт берүүнү колдогон.

Европа кеңешинин жетекчиси Дональд Туск 11-апрелде «Твиттердеги» баракчасына макулдашууну «ийкем узартуу» деп жазып, бул Британиянын чечим чыгарышы үчүн жакшы мөөнөт экенин белгиледи.

«Бул кошумча алты ай деген сөз. Мен британдык досторума кайрылгым келет. Бул эң жакшы чечимге келиш үчүн жетиштүү убакыт. Ушул убакытты бошко кетирбөөңүздөрдү өтүнөм», – деди Туск саммиттен кийинки басма сөз жыйынында.

Тусктун айтымында, алты ай ичинде Британия биримдиктен чыгуу боюнча келишимди ратификациялашы мүмкүн же «брекзитке» карата стратегиялык мамилесин кайра карап чыгып, чакыртып алышы ыктымал.

Буга чейин Британиянын парламенти өкмөттү Евробиримдиктен чыгуу мөөнөтүн дагы жылдырууну өтүнүүгө милдеттендирген. Буга чейин Евробиримдик Брекзиттин мөөнөтүн жылдырып, 12-апрелге чейин убакыт берген.

Парламенттегилер өздөрүнүн ичинен сунушталган төрт жолду дүйшөмбүдө четке кагышкан. Ага чейин Мэйдин Брюссел менен чогуу түзгөн келишими үч ирет добушка коюлуп, бирок өтпөй калган.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17