Аймак

ӨЗБЕКСТАН БАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ: АБАКТАГЫ КАДЫРОВ КЫЙНООГО АЛЫНГАН ЭМЕС

ӨЗБЕКСТАН БАШКЫ ПРОКУРАТУРАСЫ: АБАКТАГЫ КАДЫРОВ КЫЙНООГО АЛЫНГАН ЭМЕС

 824 Бардыгы /

Өзбекстан Башкы прокуратурасы маалымдагандай, коррупция айыбы менен абакта отурган мекеменин мурдагы жетекчиси Рашид Кадыровдун денесинен уруп-согуунун белгилери табылган эмес.

Буга чейин Amnesty International (AI) эл аралык укук коргоо уюму Өзбекстандын мурдагы башкы прокурору Рашид Кадыровду кыйноого алуу ыктымалдуулугуна байланыштуу тынчсыздануусун билдирген.

Укук коргоочулар Шавкат Мирзиёевди «Рашид Кадыровду жана аны менен бирге кармалган 12 экс-чиновникти кыйноолор менен ырайымсыз мамилелерден коргоого, ошондой эле алардын квалификациялык медициналык жардамдарды алуусуна шарттарды түзүп берүүгө» чакырган.

Буга жооп иретинде Башкы прокуратура тараткан билдирүүдө Рашид Кадыров адвокат менен камсыз болгону, эч кандай чектөөсүз жолугушууларга уруксат берилгени айтылат.

Рашид Кадыров тергөө маалында ИИМдин медициналык мекемесинин көзөмөлүндө болгону белгиленет.

Тергөө маалында соттук-медициналык экспертиза жүргүзүлгөн. Рашид Кадыровдун саламаттыгы жайында, денесинен ур-токмоктун белгилери табылган эмес деген бүтүм чыгарылган.

Башкы прокуратуранын билдиришинче, Рашид Кадыров өз демилгеси менен адвокат Мадьяровдун кызматынын баш тартканын, физикалык жана психологиялык басым болбогонун, өз каалоосу менен көрсөтмө берип жатканын айткан.

Өзбекстандын башкы прокуратурасын 15 жыл башкарып, 2015-жылы апрелде кызматтан алынган 67 жаштагы Рашид Кадыров былтыр 22-февралда кармалган. Ал «опузалоо», «кызмат абалын кыянат пайдалануу» жана «пара алуу» беренелери менен айыпталууда.

www.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17