Аймак

БАБАНОВДУН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛИШИ ТУУРАЛУУ АКТИВИСТТЕР  ПОЗИЦИЯЛАРЫН БИЛДИРДИ

БАБАНОВДУН КЫРГЫЗСТАНГА КЕЛИШИ ТУУРАЛУУ АКТИВИСТТЕР  ПОЗИЦИЯЛАРЫН БИЛДИРДИ

 2,188 Бардыгы /

11-апрелде, Жалал-Абаддагы Акипресс маалымат жыйынында жаш активисттер саясатчы Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келүүсү боюнча өз позицияларын билдиришти.

Пресс-конференцияга жаш активисттер Келдибек Жээнбеков, Улукбек Шадыканов, Айбек Бегалиев, Зарипа Абдисалиевалар катышты.

Активист Келдибек Жээнбеков саясатчы Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга кайтып келүүсү жөннүндө төмөнкүлөрдү билдирди:

«Бабанов президенттик шайлоодо 600 миңдей добушка ээ болгон. Шайлоодон кийин ага улуттар аралык кастыкты күчөтүүгө чакырык жасады деген айып менен кылмыш иши козголгон. Акыркы күндөрү эксперттер текшерип, эч кандай мыйзам бузууга чакырык болбогондугун далилдеп беришкен. Ошондуктан Өмүрбек Бабановдун Кыргызстанга келүүсүнө тоскоолдук жаралбашы керек деп ойлойм», – дейт К. Жээнбеков.

Мындай кадрды пайдаланып, мамлекеттин кызыкчылыгы үчүн иштетип калышыбыз керек”-деген оюн З. Абдисалиева билдирди.

Эске сала кетсек, интернет баракчаларында Өмүрбек Бабановдун 13-апрелде мекенине кайтып келери жөнүндө маалыматтар айтылууда.

Акылай КАРАБАЕВА, “Аймак”

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17