Аймак

АШХАБАДДЫН СПОРТ МЕКТЕПТЕРИНДЕ ДЕН СООЛУК АЙЫНА КАРАТА АКЧА ЧОГУЛТУЛУУДА

АШХАБАДДЫН СПОРТ МЕКТЕПТЕРИНДЕ ДЕН СООЛУК АЙЫНА КАРАТА АКЧА ЧОГУЛТУЛУУДА

 1,019 Бардыгы /

Ашхабаддагы спорт мектептердин кызматкерлери спорттук кийимдер үчүн 150 манаттан (расмий курс боюнча 1 доллар 3,5 манатка барабар) төлөөгө милдеттендирилди. Бул тууралуу «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматы кабарлады.

«Бардыгынан чогултулуп жатат. Ал акча ден соолук айындагы иш-чараларга катыша турган мектеп өкүлдөрү үчүн спорттук кийим алууга жумшалат. Акчаны накталай алып, эч кандай дүмүрчөк берилбей жатат», — деп жазды басылма өз булактарына таянып.

Түркмөнстанда жыл сайын апрелде мамлекет тарабынан уюштурулган ден соолук айы белгиленет. Анын алкагында өлкөнүн бардык аймактарында бир ай бою спорттук иш-чаралар, мелдештер өткөрүлөт.

Спорт мектебинде иштеген кызматкерлердин бири алар жыл сайын спорттук кийимге деп акча чогултушарын билдирди. «Иш-чаранын катышуучулары кийин кийимдерин спорттук комитетке тапшырууга милдеттүү. Бирок жыл сайын акча чогултушат. Алар кайда кетип жатат? Эки жыл мурда акча чогултуп, бирок эски кийимдерди жаңы деп катышуучуларга таратууга аракет кылышкан», — деди ал.

Учурда спорт мектептердин кызматкерлеринен кийимден тышкары спорттук журналга деп дагы 80 манаттан талап кылынып жатканы айтылууда.

WWW.

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17