Аймак

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ЖЫЙЫНЫНДА СӨЗ СҮЙЛӨДҮ

ПРЕЗИДЕНТ СООРОНБАЙ ЖЭЭНБЕКОВ  ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ЖЫЙЫНЫНДА СӨЗ СҮЙЛӨДҮ

 2,558 Бардыгы /

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 11-апрелде, КР Жогорку Кеңешинин жыйынында сөз сүйлөдү.

Мамлекет башчысынын сөзү толугу менен берилет:

«Урматтуу мекендештерим!

Акыркы мезгилде коомубуз ашкере саясатташып, элдин көңүлүн буруу максатында ар кыл саясий топтордун бир катар аракеттери болуп өттү.

Аларга карата көп улуттуу элибиз кеменгердигин, саясий жетилгендигин дагы бир ирет көрсөттү.

Акылман калкыбыз мамлекеттин бүтүндүгүн, тынчтыкты, коомдун биримдигин башкы дөөлөт катары тандаганын тастыктады.

Чагымчылдыкты кабыл албаган, ынтымакты жогору баалаган, тарых-тамыры терең, рухий көрөңгөсү күчтүү, чыныгы эркиндикти сүйгөн эл экендигин далилдеди.

Менин аруу тилегимди баамдап, ак ниет аракетимди колдогон, калыстыкты, адилеттикти туу туткан элибизге тереӊ ыраазылык билдирем.

Урматтуу Дастан Артисбекович!

Урматтуу депутаттар!

Бийлик үчүн элге жаккан, бүтүн коомчулук колдогон иштерди аркалап, журт кызыкчылыгында тынбай аракет кылуу гана мааниге ээ болуп калды.

Биз элге берген убадаларды, шайлоочулар берген наказдарды аткаруунун үстүндө иштеп жатабыз.

Ушул трибунадан 2018-жылдын 27-июнунда сиздер менен, мекендештерим менен келечек пландар тууралуу оюмду бөлүшкөндөн бери өлкөбүздө олуттуу өзгөрүүлөр орун алды.

Жогорку Кеӊеш, Өкмөт, Сот бийлиги менен бирге алга карай кадамдарды жасадык.

Тышкы саясат багытында маанилүү өзгөрүүлөр болду.

Стратегиялык өнөктөштөр жана коңшу мамлекеттер менен мамилени бекемдөө багытында үзгүлтүксүз иштерди жүргүздүк.

Россия Федерациясы менен жогорку деӊгээлдеги сүйлөшүүлөрдүн натыйжасында мекендештердин бир катар маселелери чечилди.

Кечээ жакында эле Владимир Владимирович Путин Кыргызстанга мамлекеттик иш сапар менен келип, абдан жемиштүү сүйлөшүүлөр болду.

Макулдашуулардын көлөмдүү пакетине кол коюлду.

Россия бизге стратегиялык союздаш катары абдан чоӊ колдоолорду көрсөтүп жатат.

Эми элдин турмушун жакшыртууга багытталган ушул макулдашууларды ишке ашыруу — Өкмөттүн милдети.

Жакынкы коӊшуларыбыз — Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан менен ишенимдүү кызматташтыгыбыз, мамилебиз жаны деңгээлге чыкты.

Түркия менен кызматташууда буга чейин топтолуп калган маселелерди эки тарап ачык талкуулап, түшүнүшүү менен чечүүдөбүз.

Жакынкы, чектеш коӊшубуз, ишенимдүү жана стратегиялык өнөктөшүбүз Кытай Эл Республикасы менен алакабызды жакшыртуу тууралуу Си Цзиньпин мырза менен Пекинде сүйлөшүүлөрдү өткөрдүм.

Быйыл Кыргызстан Шанхай кызматташтык уюмуна төрагалык кылат, июнь айында Бишкекте бул уюмдун саммити болот.

Ошондой эле быйыл Бишкекте Жамааттык коргонуу келишими уюмунун саммити биздин төрагалыгыбыз астында өтөт.

Андан сырткары быйыл Кыргызстанга Кытай Эл Республикасынын төрагасы Си Цзиньпин мырзанын мамлекеттик жана Индиянын Премьер-министри Нарендра Моди мырзанын расмий визиттери болот.

Жакында эле Тышкы саясаттын артыкчылыктуу багыттарын аныктаган концепцияны кабыл алдык.

Кыргызстандын чет мамлекеттердеги элчилерин жана консулдарын чогултуп, жыйын өткөрдүм.

Чет жерде Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын, мекендештерибиздин укуктарын коргоо боюнча актуалдуу милдеттер белгиленди.

Чет өлкөлөрдөгү Кыргызстандын өкүлдөрүнө өлкөнүн экономикасына инвестиция тартуу маселесине өзгөчө көнүл буруу тапшырмасы берилди.

Азыркы тапта Өзбекстан жана Тажикстан менен чек араларыбызды тактоо уланууда.

Өкмөттөр аралык жумушчу топтор сүйлөшүүлөрдү үзгүлтүксүз жүргүзүп, иш өз нугунда жүрүп жатат.

Урматтуу депутаттар,

Ички саясаттын негизги багыты катары коомдун ынтымагын, элдин биримдигин сактоону көздөдүк.

Ар кандай чагымчыл күчтөрдүн иш–аракеттерине чечкиндүү бөгөт коюп, элдин тынч жашоосун камсыз кылуу үчүн зарыл болгон иштерди тынымсыз жүргүздүк.

Өлкөдөгү саясий стабилдүүлүк, коомдун биримдиги, улуттар аралык ынтымак — биздин негизги байлыгыбыз.

Ошондуктан коомдун ынтымагын чыӊдоо, коомдук тартипти сактоо маселеси дайыма менин көӊүлүмдүн борборунда болду.

Ички жана чек арадагы коопсуздукту сактоо үчүн чечкиндүү чара колдонуу, мамлекеттин тынчтыгын коргоо — башкы милдетибиз бойдон калды.

Армияны чыӊдоого, чек арабыздын ишенимдүү корголушуна астейдил көӊүл бурдук.

Армияны камсыздоо бир кыйла жакшырды. 11 жаӊы заставалардын комплекси курулду.

2018-жылы аскерлер үчүн 10 турак үйү, бир нече социалдык объекттер курулуп, пайдаланууга берилди.

Куралдуу күчтөрүбүз 2019-жылдын башында 125 автомобилдик жана атайын техника менен камсыз болду.

Контракттык аскер кызматчыларынын маяналары 2018-жылы 30 пайызга жогорулады.

Тышкы чек ара өткөрүү пункттарын чыңдоо боюнча 12 пункт жабдылып бүттү.

Үчүнчү этаптын алкагында „Достук“ жана „Бор-Дөбө“ автожол өткөрүү пункттарын жаңылоо иштери 2020-жылы аяктайт.

Өзүңүздөр билгендей, соттук-укуктук реформа жүрүп жатат.

Реформанын негизги багыты — сот, прокуратура жана башка күч органдарындагы иштер мурдагыдай көмүскө болбойт.

Тиешелүү жаранга тергөөнүн жүрүшү, сот процессинин этаптары менен таанышуу жеткиликтүү болот.

Сот жана укук коргоо органдарынын ишине видеобайкоо киргизилүүдө, бул алардын ишинин ачыктыгын камсыздайт.

Өткөн айда соттордун съезди болуп өттү.

Башка чөйрөдөгү пландарды ишке ашыруу үчүн көп учурларда сот реформасынын кечиктирилгени кедерги болгону айтылды.

Кемчиликтердин баары ачык айтылып, реформаларды кынтыксыз аткаруу боюнча милдеттер белгиленди.

Сот-укуктук реформа — мамлекеттин өнүгүүсүнө түздөн-түз таасир этүүчү процесс. Реформанын аткарылышы — менин жеке көзөмөлүмдө.

Дагы бир чоӊ багытыбыз — өлкөдөгү коррупция менен системалык күрөштү улантып жатабыз.

Былтыркы Коопсуздук Кеңешинде айтылган сөздөр, реалдуу ишке ашырыла баштады.

Өткөн жылы коррупцияга каршы күрөштүн натыйжасында 5,7 млрд. сомго жакын каражат жана мүлк мамлекетке кайтарылды.

Коррупция менен күрөшүү, укук коргоо жана сот органдарын, жалпы мамлекеттик бийликти алдым-жуттумдардан тазалоо ишинде эч качан компромисс болбойт!

Коомду коррупциядан тазалоо процесси токтобойт, артыкчылыктуу багыт катары уланат.

Урматтуу депутаттар!

Экономиканы өнүктүрүү үчүн сырткы жана ички инвесторлор үчүн жагымдуу мыйзам базасы түзүлдү.

Өлкөнүн экспорттук дараметин арттыруу — дайыма менин көңүл борборумда. Бул багытта иштер тынымсыз жүргүзүлөт.

Региондорду өнүктүрүү боюнча иштер менин Жарлыгымдын алкагында жасалууда, Өкмөт алдында бул боюнча дагы көп милдеттер бар.

Жакында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, райондун акимдеринин, бийликтин бардык бутактарынын, жарандык коомдун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышкан Улуттук диалог болуп өттү.

Өткөн жылдын жыйынтыгы талкууланып, жаӊы милдеттер такталды.

Азыркы учурда айрым айыл, район, айыл өкмөттөрдө жергиликтүү фонддор түзүлүп, айылдарды өнүктүрүү боюнча алгылыктуу иштер жасалып жатканынан кабарым бар. Элетке инвестиция тартуу боюнча жер-жерлерде кыймыл башталды.

Бул багыттагы жаӊы элемент — кичи мекенине көмөк көрсөтүү максатында түзүлүп жаткан фонддор. Мына ушул тажрыйбаны бардык айылдарга жайылтууга чакырам.

Ички ресурстарды, жарандарыбызды мобилизациялап, демилгелүү жаштарыбыздын жаратмандык энергиясын туура пайдалануу менен элетти көтөрүп кетээрибизге терең ишенем.

Өткөн жылы РСК Банк, Айыл Банк жана Кыргыз-Орус өнүгүү фонду тарабынан, Кепилдик фонддун колдоосу менен жалпысынан 25 млрд сомдон ашык кредит жана гарантия берилди.

Региондорду өнүктүрүү саясатын ишке ашырууда биз өлкөдөгү каржы уюмдарынын каражатын элетке бура алдык. Айылды колдоо багытында ушул көрсөткүч негизги кыймылдаткыч күч болуп калды.

Аймактардагы долбоорлорду ишке ашырууда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк механизмдерин да активдүү колдонуу зарыл.

Мына ушул жана башка милдеттер ошол Улуттук диалогдо жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө ачык, так айтылды.

Эми аларды ыкчам аткаруу үчүн айыл өкмөт башчысынан тартып, аким, облус жетекчилерине чейин ыкшоолонбой, демилгелүү болуу талап кылынат.

Жалпылап айтканда өткөн жылыбыз ар кандай окуяларга бай, бир топ ийгиликтер менен өзгөрүүлөрдүн жылы болду.

Аткарылган иштер боюнча Өкмөт да жакында отчет берет деп күтүп жатабыз. Баарыбыз жакында таанышабыз.

Урматтуу мекендештерим!

Элибиз карт тарыхтын катаал сыноолорун баштан кечирип, улут болуп сакталып келдик.

Улуттун рухун, маданиятын жана тилин аздектеп, өз заманына жараша өнүктүргөн эл болгонубуз үчүн сакталдык.

Кыргыз элинин көөнөрбөс тарыхы, улуу мурасы, көркөм казынасы, өзгөчө маданияты бар.

Эми жалпы адамзат жеткен технологиялык жетишкендиктерди өздөштүрүү зарылдыгы турат.

Ошол эле убакта, өз маданиятыбызды, улуттук өзгөчөлүгүбүздүн далили болгон каада-салтыбызды, жаркын пейилибизди сактап калууга умтулушубуз абзел.

Дүйнөлүк атаандаштыкка туруштук берүү — биздин башкы милдет.

Руханий биримдикти чыңдоо менен, бир эл, бир улут катары келечекке багыт алуубуз эң зарыл деп эсептейм.

Ушундай шартта биздин өлкөдө Кыргыздар — көп улуттуу элибиздин биримдигин бекемдеген, ынтымагын арттырган мамлекетибиздин уюткулуу өзөгү болуп кала берет.

Дүйнөлүк ар кыл коркунучтарга, руханий экспансияга билимибиз, маданиятыбыз, улуттук баалуулуктарыбыз менен туруштук беребиз.

Ал үчүн өлкө ичиндеги процесстер менен чектелбей, дүйнөлүк тенденцияларга көз чаптырып гана тим болбостон, аларды өздөштүрүп, келечек пландарыбызды такташыбыз абзел.

Урматтуу мекендештерим!

Биз өнүгүп келе жаткан, экономикасы ачык мамлекетпиз.

Дүйнөдөгү процесстерден четте кала албайбыз.

Аларды биз ийкемдүү пайдалана билсек өлкөбүздүн өнүгүү темпи ыкчамдайт.

Сөзсүз эске ала турган, таасири тийип жаткан глобалдуу тенденцияларга көӊүлүӊөрдү бура кетейин.

Биз өтө уникалдуу, адамзат тарыхында болуп көрбөгөн бурулуш мезгилде жашап жатабыз.

Анткени адамзат жаралгандан баштап, ХХ кылымдын башына чейин Жер бетиндеги калктын саны болгону 1,6 млрд. адам болчу.

Азыр Жер шарынын калкы 7,7 миллиарддан ашып, 120 гана жылдын ичинде 6 млрд. кишиге көбөйдү.

Калктын мындай тез өсүүсү Азияда, негизинен бизге жакын мамлекеттерде байкалууда.

Демек, бул чөлкөмдө жаратылыш ресурстары, суу жана азык-түлүк үчүн атаандаштык күчөйт.

Биздин жакынкы тегерегибиздин да өзгөрүү динамикасы абдан ыкчам болууда.

Кытай Эл Республикасы жыл сайын 7 млн. адамга көбөйүп жатат.

Казакстан жылына 240 миӊ, Өзбекстан 550 миӊ, Тажикстан 200 миӊге жакын адамга көбөйүүдө.

Ал эми Кыргызстан жылына 122 миӊ адамга өсүп жатат.

Биздин 700 миӊге жакын жараныбыз сыртта, миграцияда жүрөт.

Эми биз бул кырдаалды өтө тереӊ анализдеп, миграциялык саясатыбызды гана эмес, жалпы эле социалдык саясатыбызды өзгөртүшүбүз керек.

Жогоруда көрсөтүлгөндөй, биз адам ресурстарынын саны менен эмес, сапаты менен гана алга жыла алабыз.

Ошондуктан билимге, ден соолукка өзгөчө көӊүл буруп, адам потенциалын өстүрүүгө, жаӊы технологияларды өздөштүрүп, коом турмушуна киргизүүгө муктажбыз.

Бирок, билим жана саламаттыкты сактоо тармагында жаңылануу болушу үчүн, ушул тармакта иштеп жаткан мекендештерибиздин социалдык абалын чыңдоого милдеттүүбүз.

2011-жылдан бери көтөрүлбөй келаткан медиктердин айлыгын былтыр үй-бүлөлүк врачтарга жогорулатканбыз.

Быйыл башка адистиктеги медициналык кызматкерлердин айлыгын жогорулатууну караштырып жатабыз.

Ал эми мектеп мугалимдеринин айлык акысын күзүндө, жаңы окуу жылынан кечиктирбей көбөйтөбүз.

Премьер-министрдин да сунуштары бар, Өкмөт азыр эсебин чыгарып жатат.

Буйруса мектептеги агай-эжелерибиз жаны окуу жылын жаңы айлык маяна менен баштайт.

Министрлик, ведомстволор, жергиликтүү мамлекеттик органдардагы жаш адистердин да айлыгы төмөн.

Алардын да айлыгы этап-этабы менен көбөйөт.

Урматтуу замандаштарым!

Төмөнкү глобалдык тенденцияны эске алууга милдеттүүбүз.

Дүйнө экономикасынын жүзүн аныктаган негизги технологиялар мезгил-мезгили менен өзгөрүп жатат.

1980-жылдардын башына чейин булардын катарына атомдук энергетика, квант электроникасы, лазердик технологиялар, электрондук эсептөө машиналары, спутник байланышы кирди.

80-жылдардан тартып бүгүнкү күнгө чейин дүйнөдөгү базалык технологиялар — микроэлектроника, персоналдык компьютер жана оптика-волокондук байланыш болду.

Бул технологияларды иштеп чыккан гана эмес, жакшы, тереӊ өздөштүргөн өлкөлөр да абдан байыды.

Тилекке каршы, бул технологияларды иштеп чыгууга катыша алган жокпуз.

Мындай технологиялык өзгөрүүлөрдүн мезгилинде биз саясат менен алек болдук.

Бул жетишкендиктер бизди жандап өтүп кетти.

Эми ошол пайдаланылбай калган мүмкүнчүлүктөрдүн ордун толтуруу — кийинки муундардын алдындагы милдетибиз.

Дүйнөнү мындан ары өзгөртө турган глобалдуу технологиялардын активдүү ишке кириши 2020-жылдан кийинки мезгилге туш келээри болжолдонууда.

Алардын катарына маалымат технологиясы, жаӊы экология, био- жана нанотехнологиялар, композиттүү материалдар кирет.

Биз бул технологияларды өзүбүз иштеп чыкпасак да, болушунча тереӊ өздөштүрүүбүз зарыл.

Эми, урматтуу депутаттар, глобалдуу технологиялардын келе жаткан этабына катышпай калсак, анда биздин келечегибиз күмөндүктү жаратат.

Саясат менен гана алектенбей, маданият, илим, билим, экономика тармагын да унутпашыбыз керек.

Башка өлкөлөр жасап жаткан, экономикалык өнүгүүгө пайдубал болчу технологияларды коом турмушуна киргизүүдөн биз артта калуудабыз.

Жаӊы жетишкендиктерди өз турмушубузга активдүү киргизүүгө муктажбыз. Ошондуктан өлкөнү санариптештирүүгө өзгөчө көӊүл буруп жатабыз.

Өлкөнүн бардык региондорунда жаңы технологияларды колдонуп, өнүгүү темпибизге жаңы дем берүү керек.

Коӊшулардан артта калбай жалпы коомубузду санарипке өткөрүү — бүгүнкү күндүн талабы болуп жатат.

Мамлекеттик кызмат көрсөтүүгө, ведомстволор арасында документ жүгүртүүгө жаӊы технологияларды киргизүү — биздин өнүгүүгө чоӊ себепкер болот.

Адам фактору жоюлат, коррупциялык элементтерди жок кылат.

Бүгүнкү күнү „Түндүк“ системасына 47 мамлекеттик орган кошулуп, анын ичинен 16 мамлекеттик орган онлайн маалымат менен алмаша башташты.

Бул аркылуу биз керексиз процедураларды жана справкаларды жокко чыгара алабыз.

Кийинки этапта коммерциялык банктар жана башка жеке тараптар бул системага кошулуп, керектүү маалымат менен алмашууга мүмкүнчүлүк түзүлөт.

Мындан тышкары электрондук патент жана электрондук салык отчеттуулук системалары ишке киргизилди.

Бул бюрократияны кыскартып, биздин ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды жаратат.

Азыркы учурда салыктык жол-жоболорду фискалдаштыруу долбоору даярдалууда.

Товарларды маркирлөө, электрондук эсеп-фактурасы жана онлайн контролдук-кассалык машина механизмдерин киргизүү аркылуу товарлардын көмүскө сатып айлануусун жокко чыгара алабыз.

Бюджетке кошумча кирешелер түшөт.

Бул долбоордун эртерээк башталышына мен президент катары да, жаран катары да абдан кызыкдармын.

Бажы жана салык тармагындагы эсеп-кысапты электрондук система менен жүргүзүү — андагы ар кыл коррупциялык схеманы жокко чыгарат.

Мына ушул долбоор ишке кирсе, „бажы, салык тармагы азыркы бийликтин жеке пайдасына иштеп жатат“ деген сөздөр да токтойт. Урматтуу Өкмөт, бул баарыбызга аба менен суудай керек, тездетиңиздер.

Ветеринардык жана фитосанитардык товарларга электрондук көз салуу системасы иштей баштады.

Бул система Евразия экономикалык биримдигинин рыногуна ата мекендик продукцияны экспорттоодо ишкерлерге ыңгайлуу шарттарды жаратат.

Алдыӊкы технологияларды кеӊири колдонуу менен „Коопсуз шаар“ жана „Коопсуз жол кыймылы“ долбоорлору ишке ашырылууда.

Электрондук виза системасы аркылуу 27 900 чет өлкөлүк жаран Кыргызстанга кирген.

Мамлекеттик мүлктү аукцион аркылуу ижарага берүү үчүн атайын электрондук аянтча ишке киргизилди.

Digital CASA долбоорунун алкагында региондорду интернет менен камсыздоо, жана регионалдык дата-центрди куруу иштери боюнча даярдык иштери башталууда.

Өкмөт жогоруда мен кыскача токтолгон ушул багыттарда аракеттенип жатат.

Бирок, заман ыргагынан артта калбаш үчүн мындан да ыкчам темпте иштөөгө чакырам.

Азыр элетте бир да толук кандуу банк жок. Электрондук төлөмдөрдү жана мобилдик банкингди өнүктүрүү аркылуу региондорго банктык кызмат көрсөтүүлөр кирет.

Улуттук банк бул тапшырманы кечеӊдетип жатат. Бул ишти активдештирип, тез арада жыйынтык көрсөтпөсө, тийиштүү чаралар көрүлөт.

Улуттук банктын алдында дагы бир милдет коюлган. Өткөндө Улуттук диалогдо мен буга кенен токтолгом.

Улуттук банк коммерциялык банктарды аймактардагы долбоорлорду каржылоого багытталган стимулдарды сунушташ керек.

Коммерциялык банктар ар бир аймактан бирден ири долбоорду каржылаган күндө дагы 25тен ашык долбоорду ишке ашырса болот.

Санариптештирүү — кызмат көрсөтүүнүн табиятын өзгөртүп, жаӊы технологияларды коом турмушуна киргизүүнүн башаты.

Бул ишти ийгиликтүү өткөрсөк, био- жана нанотехнологияларды өздөштүрүү милдетин ишке ашырууга жол ачылат.

Дүйнөлүк цивилизациядан артта калбай, келечек муунга өнүккөн мамлекетти калтыруу үчүн, бир гана жолубуз — бул жаӊы технологияларды өздөштүрүүгө батыл киришүү.

Жаӊыдан пайда болгон глобалдык өзгөрүүлөрдүн дагы бири — бул дүйнөлүк экономикалык активдүүлүктүн борбору өзгөрүп, ал Азия континентине которулганы.

Биринчи кезекте, бул Кытай менен Индиянын экономикалык өнүгүүсү менен шартталды.

Өнүгүү үчүн бизде абдан уникалдуу шарт жаралды.

Бир жагынан Кытай менен коӊшу мамлекетпиз, экинчи жагынан ЕврАзЭСке мүчө өлкөбүз.

Ушул эки глобалдуу экономикалык зоналардын ортосуна көпүрө болуу шансы көпчүлүк өлкөлөрдө жок.

Биз бул мүмкүнчүлүктү колдон чыгарып жибербей, ийкемдүү колдонуп калууга милдеттүүбүз.

Урматтуу депутаттар!

Элдин жашоо турмушун сезилерлик жакшыртуу — эӊ негизги максатыбыз жана милдетибиз.

Пландарыбызды ишке ашыруу жолдору, аткаруу мөөнөттөрү Улуттук өнүгүү стратегиясында так аныкталды.

Тиешелүү иштер аткарылып жатат, алардын айрымдарын гана атап кетейин.

Билим берүү, саламаттыкты сактоо тармагына жана экономикага жаӊы технологияларды тереӊ киргизүү көӊүл борборунда турат.

Бардык мектептер интернет жана компьютердик инфраструктура менен камсыздалат.

Мектепке чейинки билим берүү менен камтуу, билим берүүнүн сапатын көтөрүү, эмгек рыногуна шайкеш кесиптик билим берүү милдеттерин ишке ашырабыз.

Атап айтсам, „Келечектин мектеби“ долбоору.

Анын алкагында ар бир региондо онго жакын так жана техникалык адистиктер, көп тилдүүлүккө багытталган мектеп болот.

Ал мектептерде балдарга педагогдор гана эмес, менеджерлер, банкирлер, ишкерлер билим беришет.

Алардын форматы профессионалдык билим берүү жана илим-билим комплекси болуусу күтүлүүдө.

Бүгүнкү күнгө республикадагы мектептердин 86 пайызы интернетке кошулган, быйылкы жылдын аягына чейин калган мектептер да толугу менен интернетке кошулат.

Мектепке чейинки курактагы балдарды мектепке даярдоо менен азыр ушул курактагы балдардын 49 пайызы гана камтылган.

2023-жылга карата мектепке жашы жете элек курактагы балдардын 80 пайыздан кем эмеси мектепке чейинки билим берүү, мектепке даярдоо менен камсыз болушат.

Жеткинчектерди мектепке даярдоодо заманбап теле, аудио жана информациялык технологиялар колдонулат.

Өзүңүздөр билгендей, келечегин ойлогон өлкө балдардын мектепке чейинки тарбиясына өзгөчө көнүл бурат, ошондуктан, Өкмөт бул маселеге олуттуу мамиле кылат деп ишенем.

Саламаттыкты сактоо тармагында жарандарыбызга ыңгайлуу шарттарды түзүү максатында „2019-2030-жылдарга карата Дени сак адам — гүлдөп өнүккөн өлкө“ деген аталыштагы программа жана долбоорлор иштеп баштады.

Мисалга, „Заманбап ооруканалар“ долбоорун ишке ашыруунун алкагында 2023-жылга чейин Бишкек шаардык балдар клиникалык ооруканасынын хирургиялык корпусу курулат.

2019-2024-жылдары Бишкек, Ош, Талас шаарларында заманбап технологиялар, телемедициналык жабдуулар менен камсыз болгон 3 перинаталдык борбор курулат.

Тез жардам системасы кескин түрдө өзгөрөт.

Заманбап маалымат технологияларын тереӊ колдонуу менен Бишкекте автоматтыштырылган башкаруу системасы 2019-жылдын декабрь айында толугу менен бүтөт.

Бул иш 2020-жылы Ош жана Каракол шаарларына да жайылтылат.

Мага жарандар ар кыл темада арыз, даттануулар менен кайрылат. Айрым үй-бүлөлүк медициналык борборлор күнүнө 3 сааттай гана иштешет, калган учурда эшиги жабык, деп кайрылгандар да көп.

Ар бир адамга, ар бир үй-бүлөгө үй-бүлөлүк врач жана медайым дайыма жеткиликтүү болушу керек.

Үй-бүлөлүк медицина борборлорунун иши таптакыр жаӊы принцип менен уюштурулат.

Негизги максат — үй-бүлөлүк медицинанын адистерине жана медициналык кызматка тез жетүү мүмкүнчүлүгүн камсыздоо.

Бул долбоор пилоттук түрдө Бишкек шаарында 2019-жылдын июль айында башталат.

Бул борборлор элге күнү-түнү үзгүлтүксүз кызмат көрсөтөт. Ал үчүн интернет аркылуу, телефон аркылуу онлайн консультация берүү, электрондук кезек кызматтары киргизилет.

Жарандарыбыздын ден соолугун чыңдоо максатында 2022-жылга чейин Жалал-Абад, Баткен, Ош, Нарын, Токмок шаарларында 5 комплекс салынат.

Башка областтарда ден соолукту чыңдоочу мындай комплекстер бүгүнкү күндө иштеп жатат.

Спортко өзгөчө колдоо көрсөтүлөт. Спортчуларбыз да бизди улам жаңы ийгиликтери менен кубантууда, аларга рахмат.

Урматтуу мекендештерим!

Азыр Кыргызстанда 1100дөн ашык бала тоголок жетим деп катталган.

Биздин максат — алардын тизмесин тактап, үй-бүлөдө чоңоюусуна шарт түзүү.

18 жаштан кийин интернаттан кетип, кароодон, мээримден тышкары калган балдар кылмышкерлердин катарын толуктайт, жаза басып, турмуштан адашат.

Тарыхта биздин коом өзүнүн социалдык ынтымагы, социалдык жоопкерчилиги менен күчтүү болуп келген.

Ата-бабаларыбыз жетим-жесирди, кары-картаӊдарды кароосуз калтырган эмес.

Балдар интернатта эмес, үй-бүлөнүн мээримин көрүп чоӊоюшу керек.

Интернаттарда ар бир балага айына 14 миң сом каражат каралат.

Жылына 1,5 млрд. сом сарпталат. Ушул каражатты бала асырап алган адамдарга жумшасак, балдарыбыз үй-бүлөдө, ата эненин камкордугунда өсөт.

Ден соолукка байланыштуу мамлекет тарабынан кепилденген милдеттерди кылдат тактап чыгуу керек.

Анткени, 6 жашка чейинки балдарды жана 70тен жогорку жаштагы улгайгандарды баарын бекер дарылоо толук өлчөмдө каржыланбай келет.

Балдарга жөлөкпул берүү ситемасын дагы кайра карап чыгып, анын даректүүлүгүн күчөтүп, бул чөйрөдөн бардар жашаган үй-бүлөлөрдү чыгарууга мезгил жетти.

Мамлекеттик ипотека саясаты да менин жеке көзөмөлүмдө.

Сиздер билгендей, турак жайга мамлекеттик ипотеканын пайызын 14төн 7 пайызга төмөндөттүк.

Аны 6 пайызга түшүрүү — келечек максатыбыз.

Кечээ жакында Мамлекеттик ипотека комапниясынын жетекчисин кабыл алдым. Компания бул милдетти аткарууга даярдыгын билдирди. Бюджеттен гана эмес, сырттан инвестиция тартуу тапшырмасын бердим. Жетекчилерге кайрыларым, инвесторлор, донорлор менен иштөөнү жолго койгула.

Келечекте төмөн пайыз менен мамлекеттик ипотека бюджет кызматкерлери, врач, мугалимдерге гана эмес, бардык эле турак жайга муктаж жарандарыбызга бериле баштайт.

Калкты таза суу менен камсыз кылуу Стратегиясынын алкагындагы 653 калктуу конуштун 31 айылы былтыр таза суу менен камсыз болду.

Эми, алдыдагы 5 жылда 622 айылга таза суу тартылат.

Буга 33,8 млрд. сом каражат талап кылынат.

Бүгүнкү күнү эл-аралык финансылык институттардын каржылоосу аркылуу 588 айылга тизме түзүлүп, бардыгы болуп 27 млрд. сомдук финансылык булактары аныкталды.

Калган сумма боюнча да инвесторлор менен сүйлөшүүлөр болууда.

Анын ичинен республикалык бюджеттен бөлүнгөн акча каражаттын көлөмүн быйылтан баштап 500 млн. сомго чейин көтөрүш керек.

Жер ресурстарын башкарууга, ирригациялык инфраструктураны жаңылоого өзгөчө көӊүл бурулат.

Ирригация программасы — өтө амбициялуу долбоор, бирок биз муну аткаруу үчүн болгон күч-аракетибизди жумшап жатабыз.

Программаны ишке ашыруу долбоорлору үч топко бөлүнгөн. Биринчи топко кирген 17 ирригациялык объектилерди куруунун каржы булактары аныкталган.

Экинчи топко кирген 17 объектилер инвесторлордун жардамы менен курулат, азыр сүйлөшүүлөр аяктап калды.

Биринчи жана экинчи топтогу долбоорлор 2023-жылга чейин ишке ашат.

Анын алкагында жалпы суммасы 18 млрд. сом суммасында каржыланган 32 суу-чарба объектилери ишке берилет.

Натыйжада 27 миӊ гектар жаӊы сугат жер пайда болот. Калган 3-топтогу 12 долбоор 2026-жылга чейин ишке ашырылат.

Урматтуу мекендештерим, президенттикке талапкер катары менин негизги убадаларым — мугалимдердин айлыгын көбөйтүү, калкты таза суу менен камсыздоо маселесин чечүү, ирригация тармагын жакшыртуу, жеткиликтүү ипотека маселеси экенин жакшы билесиңер. Ошондуктан, бул багытта мамлекеттик денгээлде аткарылып жаткан иштерге кенен токтолдум.

Эми экономика тармагындагы аткарылчу иштер тууралуу кыскача айтайын.

Технологиялык модернизациялоо өнөр жай потенциалын арттыруу, агро өнөр жай комплексин өнүктүрүү, текстиль жана тигүү өнөр жайын колдоо, туризмди өнүктүрүү багыттарында ишке ашырылат.

Ишкерлерге бирдей шарт жана адилет атаандаштыкты камсыз кылуу боюнча иштер жүрүп жатат.

Эл арасында, бизнесмендер арасында дагы деле болсо кээ бир мамлекеттик органдарына карата нааразылык бар. Мамлекеттик органдардын бизнеске мамилеси оңолмоюнча, элдин бийликке болгон ишеними болбойт.

Ошондуктан, мен дагы бир жолу кайталап айтам — бизнести негизсиз текшерүү жана алардын ишине кийлигишүү токтош керек.

Бул боюнча мен талапты катуу коюп жатам.

Бизнести негизсиз текшерүүлөрдү кыскартуу максатында мамлекеттик контролдоочу органдардын текшерүүлөрүнө эки жылга мораторий киргизилгенин билесиздер (2019-2020-жылдары).

Ишкерлерди коргой турган жаңы институт — Бизнес-акыйкатчы институту түзүлдү, Өкмөттүн талапкерди аныктоосун күтүп жатабыз.

Кыргыз Республикасын туруктуу өнүктүрүү боюнча Улуттук кеңештин алдында Өнөр-жай жана ишкердикти өнүктүрүү Комитети түзүлдү.

Экономиканын артыкчылыктуу секторлоруна дем берүү максатында салык мыйзамдарына бир катар өзгөртүүлөр киргизилди.

Айыл чарба продукциясын кайра иштетүүчү жергиликтүү ишканалар үчүн жеңилдик катары кошумча нарк салыгы 80 пайызга кыскартылды.

Соода-логистикалык борборлор, машина-трактор станциялары жана айыл чарба кооперативдерине киреше салыгы, кошумча нарк салыгы жана мүлккө салык боюнча жеңилдиктер берилди.

Дотациялык региондордо ачылып жаткан өнөр жай ишканалары 5 жылдан 10 жылга чейин киреше салыгын, сатуу салыгын, жер жана мүлк салыгын төлөөдөн бошотулду.

Технологиялык жабдууларды импорттогон ишкерлер бажы пошлинасынан бошотулду.

Экономиканын экспорттук потенциалын жогорулатуу максатында продукцияны сертификаттоо жана стандартташтыруу боюнча жаӊы лабораториялык база түзүлдү.

Экспортко багытталган ишканаларды колдоо улантылат. Бул максатта Өкмөт экспорттук каржылоо, айлантма каражаттарды жана кепилдиктерди берүү инструменттерин даярдоодо.

Бизнес жүргүзүүгө кедерги болгон бардык тоскоолдуктарды жоебуз.

Электр тармактарына кошулууну бирдиктүү терезе аркылуу, коррупциясыз ишке ашыруу — өзгөчө милдет.

Урматтуу депутаттар!

Кыргызстан бизнес жүргүзүү (Дуинг бизнес) рейтинги боюнча азыркы 70-орундан беш жыл ичинде бул рейтингке кирген алдыңкы 50 өлкөнүн катарында орун алууну максат кылуудабыз.

Инвестициялардын келиши үчүн өлкөдөгү инвестициялык климатка аяр мамиле талап кылынат.

Өзгөчө тоо кен тармагындагы абалды кечиктирбей жакшыртуу милдети турат.

Бул маселенин актуалдуулугун эске алып, Коопсуздук Кеңеш быйыл жыл башында кырдаалды талкуулаган.

Коопсуздук Кеңешинин чечимдерин кынтыксыз аткарылышын талап кылам.

Биздин максат — жер казынасын пайдаланууну коррупциядан тазалап, ак ниет инвесторлор үчүн жагымдуу шарт түзүү, бул тармактагы улуттук кызыкчылыгыбызды коргоо.

Өлкөнүн 18 миңден ашык жараны тоо-кен тармагында иштейт.

Бул тармактан республикалык жана жергиликтүү бюджеттерге 12 миллиард сомго жакын киреше түшөт.

Бул ички дүң продуктунун 8 пайызына жакын жана өнөр жай продукциясынын көлөмүнүн 44 пайызын түзөт.

Тоо-кен өнөр жайын өнүктүрүүгө жана кошумча инвестицияларды тартууга коррупциялык жол менен лицензия берүү практикасы тоскоолдук жараткан.

Бул тармакта кадимки эле алып сатарлыкка жол берилип келген.

Ошондуктан, 2018-жылы лицензия берүүнү кылдат анализдеп, инвентаризация кылуу тапшырмасы берилген. Мунун жыйынтыгында биз ачык-айкындыкка жетишебиз деп ишенем.

Тоо-кендерин иштетүүдө келип түшкөн акча каражаттарын ошол аймакты өнүктүрүүгө, өндүрүш ишканаларын ачууга максималдуу пайдалануу керек.

Кошумча жумуш орундары түзүлүп, экономика өссө, республикалык жана жергиликтүү бюджетке каражат түшсө, кен иштетүү ачык болсо, калк арасында кен иштеткен инвесторлорго карата эч кандай нааразылык болбойт.

Эми өлкөбүздөгү жолдорду оңдоо, энергетика тармагындагы иштерге токтоло кетейин.

Стратегиялык мааниси бар „Түндүк-Түштүк“ альтернатива жолун куруу жүрүп жатат.

Суусамыр–Талас–Тараз жолунун 3-фазасы аяктап калды. Кийинки 4-фазанын алкагында бул жол коңшу Казакстандын чек арасына чейин курулат.

Жакында „Исфана-Карагач“ жолу да бүтөт.

«Кара-Балта-Бишкек» жана „Маданият-Жалал-Абад“ жолдорун куруу иштери улантылууда.

ЦАРЭС коридолору алкагында Түп-Кеген жолун куруу долбоору боюнча донорлор менен макулдашуу процедуралары жүрүп жатат.

Талас жана Нарын облустарын ортосундагы каттамдарды жакшыртууга багытталган „Арал-Суусамыр“ жолун курууга да донорлор менен сүйлөшүүлөр башталды.

Ысык-Көл шакекче автожолунун түштүк бөлүгүн куруу боюнча техникалык-экономикалык негиздемени даярдоо иштери башталды.

Ички жолдорду оңдоо да актуалдуу.

Мындан ары жыл сайын ар бир райондун борборунда 3 км. жол асфальттанат.

Жакынкы жылдары Эл аралык „Манас“ аэропортун, Эл аралык „Ош“ аэропортун жана „Ысык-Көл“ аэропортун модернизациялоо ишке ашырылат.

Токтогул ГЭСинде акыркы 40 жылдын ичинде болбогон реконструкция иштери жүргүзүлүүдө.

2023-жылга чейин гидроагрегаттарды жаӊылоо боюнча иштер аяктайт.

Натыйжада анын кубаттуулугу 240 мегаваттка көбөйөт.

Үч-Коргон ГЭСи оңдолот.

Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын 2023-жылы эксплуатацияга киргизүү боюнча иштер жүрүп жатат.

Ат-Башы ГЭСинин реконструкциясын 2021-жылы аяктоо пландаштырылды.

Казарман жана Жогорку–Нарын ГЭСтердин каскадын куруу үчүн инвесторлорду тартуу иши жүрүп жатат.

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча инвесторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүүдө.

CASA-1000 долбоорунун алкагында электр линияларын куруу иштери башталды.

Буга чейин маалымдалгандай, жакынкы келечекте административдик-аймактык реформа жүргүзүлөт.

Анын максаты — күчтүү жергиликтүү өз алдынча башкаруу системасын калыптандырып, мобилдүү жана компактуу мамлекеттик аппарат түзүү.

Атайын жумушчу топ түзүлгөн. Бул багыттагы сунуштардын баары эске алынып, жыйынтыгы сиздердин карооӊуздарга коюлат.

Бардык жагдайларды кылдат карап, сиздер менен чогуу чечим кабыл алабыз, урматтуу депутаттар.

Эмдиги жылы парламенттик шайлоо болот.

Шайлоо процессинин бардык катышуучулары үчүн бирдей укуктар камсыз кылынат.

Шайлоо эрежелери бир жыл мурда белгилүү болуп, андан кийин өзгөрбөйт.

Зарыл болгон мыйзамдар алдын ала кабыл алынып, жалпыга маалым болот.

Бардык партиялар оюн эрежелерин алдын ала билип, теӊ атаандаштыктын шартында шайлоого катышат.

Өзгөчө айта кетчү жагдай.

Партиялык системаны өнүктүрүп, алардын арасында чыныгы саясий атаандаштыкты орнотмоюн, парламенттик демократияны өнүктүрө албайбыз деп баса белгилегим келет.

Партиялардын ичинде демократия орногондо гана өлкөдө демократия, парламенттик демократия калыптанат.

Бизде азырынча программа, идеялардын эмес, лидерликке умтулган саясатчылардын таймашы басымдуулук кылууда.

Коомубузда жаӊы саясий маданиятты калыптандыруу зарылдыгы бышып жетилди.

Баарыбыз Кыргызстанда ошол саясий маданияттын калыптанышы үчүн аракеттенели.

Буйруса, биздин республика да жеке таарынычтардын эмес, өлкөнүн өнүгүүсү үчүн идеялардын талашын жараткан, башкалар суктанган демократиялуу мамлекет болот деп ишенем.

Урматтуу мекендештерим!

Биз үчүн акпейил, кеменгер элибиздин колдоосу — баарынан кымбат.

Жерибиздеги тынчтык, журт биримдигинен өткөн дөөлөт жок.

Ак эмгектин акыбети дайыма кайтат.

Ошондуктан, эч бир кыйынчылыкка карабай иштей беребиз.

Максаттарыбызга жетүү оңой болбойт.

Тоскоолдуктар аз эмес.

Коррупцияга малынгандардын саботажы, айрым саясий күчтөрдүн каршылыгы болууда.

Уюшкан кылмыштуу кландык мафиянын коррупциялык иштери — өлкөгө чоӊ залалын тийгизди, бул коомчулук үчүн белгилүү болуп калды.

Мамлекетти белчесинен карызга батырган уурулукту жашыруу үчүн актанууга өтүштү.

Ар калпты жарыялап, элдин оюн башкага бурууда.

Баса белгилеп айтып кетейин.

Баардыгы мыйзам алдында бирдей.

Эч кандай ультиматум тили кабыл алынбайт.

Элди көчөгө чыгарып, бийликке кысым жасоо менен маселе чечем дегендер жаңылышат.

Маселенин баардыгы мыйзам талаасында гана чечилет.

Урматтуу мекендештерим.

Мамлекет — түшүнүктөр менен эмес, мыйзам менен жашаш керек.

Мамлекеттик органдар тигил же бул топтун кысымынын негизинде эмес, мыйзамдын чегинде иштейт.

Бир күнүмдү да текке кетирбей, элим ишенген, Кудай буйруган президенттик милдетимди мамлекетти оңдоого, баса белгилеп айтам, оңдоого жумшайм. Мындан башка менин милдетим дагы, карызым дагы, жашоомдун маңызы да жок.

Бир ууч топко кызмат кылам, алардын кызыкчылыгын коргойм, уурулугун жашырам деп убада берген эмесмин.

Мен элдик Президент болом деп убада бергем.

Эл арасынан чыктым, эл ичинде таза абийирим, ийгиликтерим менен калууну максат кылам.

Саясат айдыӊындагы акыркы 25 жылдан берки иш-аракетим, кылган эмгегим — таза. Мага жалган жалаа жукпайт.

Апрель окуялары, Июнь коогалаӊдуу күндөрүн өз башымдан өткөрдүм.

Мамлекеттеги тынчтыктын, элдин ынтымагынын баасын, баркын абдан жакшы билем.

Ошондуктан коомдун тынчтыгын бузуп, элди бөлүп-жарам дегендерге өлкө президенти катары жол бербейм.

Урматтуу депутаттар!

Мамлекетти өнүктүрүү, элдин жашоосун жакшыртуу, дүйнөлүк аренада татыктуу орунду ээлөө деген максаттарыбызга жетүү үчүн бийлик бутактарынын бир ыргакта иштөөсү зарыл.

Соттук–укуктук реформаны ишке ашыруу сот бийлигинин негизги милдети.

Өкмөт, укук коргоо органдары, прокуратура бул реформаны жигердүү колдошу керек.

Элдин турмушун жакшыртуу милдеттерин аткаруу үчүн Өкмөттүн тынбаган аракети талап кылынат.

Бул иштин баары Жогорку Кеӊештин колдоосу болбосо ийгиликке жетпейт.

Булак: kabar.kg

Автор

Байланыш дареги

Email: aymak.kg@mail.ru

Телефон: +996 (770) 81-00-32

Факс: +996 (3722) 2-32-36

Адрес: Жалал-Абад ш. Ленин к. 17